Жапаров сүттү кайра иштеткен ишканага көмөк көрсөтүүнү тапшырды

Коом
Жапаров сүттү кайра иштеткен ишканага көмөк көрсөтүүнү тапшырды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров сүттү кайра иштетүүчү ишкананын коммерциялык банктардан алган насыяларын жеңилдетилген шарттагы насыяга которуу жана жүгүртүү каражатын бөлүү маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчысы Токмок шаарынын, Чүй жана Кемин райондорунун тургундары менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Жолугушууда ишкананын өкүлү жазында сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталганын, учурда айран жана сыр өндүрүлүп жатканын айтты. Ишкананын жалпы баасы 40 млн сомду түзүп, анын 15 млн сому жеке каражаттын эсебинен каржыланган.

Анын айтымында, ишкана жеңилдетилген насыя алуу үчүн “Айыл Банкка” кайрылган. Бирок буга чейин алынган насыяны төлөөдө мөөнөтү өтүп кеткен карыздар болгондуктан, банк насыя берүүдөн баш тарткан. Буга мал арасында шарп ылаңынын жайылышынан улам үч ай бою төлөм жүргүзүү мүмкүн болбогону себеп болгон. Кийин насыя толугу менен жабылган.

Учурда ишкана коммерциялык банктан жылдык 29% менен насыя алган. Мындай жогорку пайыздык чен өндүрүштүн чыгымын көбөйтүп жатканын билдирген ишкер насыяны жеңилдетилген шартка которууга жардам сурады.

Ошондой эле ишкана Россияга сыр экспорттоого даярданып жатканын белгилеп, бул үчүн чийки зат сатып алууга 6 млн сом жүгүртүү каражаты зарыл экенин айтты. Жалпысынан ишкер 31 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя сурады. Анын 25 млн сому коммерциялык банктардагы насыяларды жабууга, 6 млн сому өндүрүш үчүн чийки зат сатып алууга жумшалмакчы.

Президент ишкананын мурдагы насыялар боюнча төлөмдөрү кечиккенине карабастан, аны колдоо жолдорун карап чыгуу керектигин белгиледи. Ал тиешелүү банктар менен сүйлөшүп, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана экспорт багытындагы ишканага 6%дык жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.