Бишкек, 08.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2020-жылы 20 үй-бүлө сатып алган жер тилкелерине байланыштуу маселени териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда Нури Токтомушева президентке кайрылып, 2020-жылы 20 үй-бүлө Ырыскүл аттуу аялдан жер тилкелерин сатып алганын айтты. Анын айтымында, жарандар жети ай бою кайрылып жүрүп, жер мунапысынын алкагында жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актыларды (кызыл китептерди) алууга жетишкен.

Бирок кийинчерээк Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик аталган жер тилкелерине чектөө киргизген.
Арыздануучунун айтымында, маселе бир жылдан бери чечилбей келет. Соттук териштирүүлөр да талашка чекит койгон эмес. Райондук сот үй-бүлөлөрдүн пайдасына чечим чыгарган. Бирок Чүй облустук соту аны жокко чыгарган. Кийин бул чечим Жогорку сот тарабынан да жокко чыгарылган.
Жаранды уккан Садыр Жапаров сот тутумунун өкүлдөрүнөн райондук соттун чечими кандай негизде жокко чыгарылганын сурап, маселени териштирүүнү тапшырды.
“Эмне үчүн мындай болду? Биринчи сот алардын пайдасына чечим чыгарса, эмне үчүн аны жокко чыгарышты? Макул, бул маселени карап чыгабыз”, — деди президент.