Акыркы жылдары Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн эң популярдуу туристтик багыттардын бирине айланды. Табигый кооздугу, жеткиликтүү баалар жана визасыз режим өлкөгө келген туристтердин санын туруктуу көбөйтүүдө. Бул өсүшкө чек аралардын ачылышы, коңшу өлкөлөр менен кызматташуунун кеңейиши жана инфраструктуранын жакшырышы негиз болууда.
Туристтердин агымы кескин өсүүдө
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 2025-жылы туризм секторунда эс алгандардын жалпы саны 5,31 млн адамды түзгөн. Бул 2024-жылдагы 3,66 млн адамга салыштырмалуу 45,2%га көп. Туристтик агымдын өсүшү эс алуу жайлары, мейманканалар жана туристтик компанияларды камтыган уюшкан туризм секторунда, конок үйлөрдө жана жергиликтүү тургундардан турак жай ижарага алган туризм тармагында да байкалды. Тактап айтканда, уюшкан туризм секторунда 2025-жылы 3,57 млн адам эс алган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 50,3%га көп. Ал эми уюшулбаган сектордо 1,73 млн турист кабыл алынып, өсүш 36,2%ды түзгөн.

Коңшу мамлекеттер менен чек аралардын ачылышы жана инфраструктуранын жакшыртылышы өлкөгө болгон туристтердин кызыгуусун арттырып жаткандыгын туризм тармагы боюнча адис Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигине билдирди.
“Белгилүү болгондой, 2000-2010-жылдары жана кийинки жылдары биз КМШ мамлекеттери менен жабык болуп, көп каттаган эмеспиз. Экономикалык жактан баруу мүмкүнчүлүктөрү да коңшу мамлекеттердики аз эле. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекет жарандарынын саякаттоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейди. Чек аралар ачылып, келген коноктордун саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Көбүнчө Өзбекстан мамлекети Кыргызстанга келүүгө мурдатан эле кызыкдар болгон. Бирок, чек аралар жабык болгондуктан келүү мүмкүнчүлүктөрү аз болгон. Чек ара ачылгандан кийин ал жактан келген туристтердин саны өсүүдө. Бүгүнкү күндө Ысык-Көлгө эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарына келген туристтер көбөйдү”,- деди ал.
КМШ өлкөлөрүнөн келгендер туристтер басымдуу
Мамлекеттик чек ара кызматынын 2025-жылдагы маалыматтарына таянсак, чет элдик жарандардын өлкөнүн чек арасын кесип өтүүлөрүнүн саны 10,5 миллионду түзгөн. Келген чет элдик жарандардын басымдуу бөлүгүн дал ушул КМШ өлкөлөрүнүн жарандары түзөт. Статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң жогорку көрсөткүч коңшу Өзбекстанга туура келет.

Адистин пикиринде, Өзбекстандан келген туристтердин санынын өсүшүнө эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы жакшы мамиле да өз таасирин тийгизүүдө.
“Өлкөгө акыркы жылдары Өзбекстандан туристтердин көп келиши эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге байланыштуу. Анткени, өлкө башчыларынын мамилеси ар дайым элдердин карым-катнашына да таасирин тийгизет. Эки тараптуу визиттер, кызматташтык мамилелердин өнүгүшү туристтердин көп келишине жол ачууда. Туризм тармагында инвестициялык салымдар да келип жатат. Эгер Өзбекстан тууралуу айтсак, Өзбекстан Ысык-Көл жээгиндеги убактылуу алган эс алуу жайларын куруп, жаңылап алды. Бул эс алуу жайларына Өзбекстандын жарандары көп келишет. Агымдын көп келишинин бир себеби да ушул. Негизи эле акыркы жылдары абдан көп ишкерлер туризм тармагына инвестиция сала башташты. Жогорку деңгээлде тейлөөчү мейманканалар, эс алуу жайлары ачылууда. Мунун бардыгы туристтерди өлкөгө тартуучу фактор болуп эсептелет”,- дейт Жаманкулов.

Статистикага таянсак, 2025-жылы КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандардын пайыздык көрсөткүчү төмөнкүдөй:
- Өзбекстан — эң чоң үлүштү ээлеп, 64,5%ды түзөт.
- Казакстан — экинчи орунда турат, алардын үлүшү 29,3%га барабар.
- Россия — келгендердин 5,9%ын түзөт.
- Тажикстан — эң аз үлүшкө ээ болуп, болгону 0,1%ды түзөт.
- КМШнын башка өлкөлөрү — жалпы агымдын 0,3%ын ээлейт.
Көз карандысыз журналист Азамат Касыбеков фейсбук баракчасына 2026-жылдын алгачкы 6 айында Өзбекстандын 3,5 млн жараны туристтик максатта чет өлкөгө чыгып, алардын 1,55 миллиону Кыргызстанга келгенин жазды.
“Акыркы жылдары Бишкек менен Ташкент мурда мамилелерди татаалдаштырып келген көптөгөн маселелерди, анын ичинде чек арага байланышкан маселени чече алышты. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда коңшулук мамиле бекемделип, соода жигердүү өнүгүп, чек арадан өтүү кыйла жеңилдеди. Визалык режим жок, транспорттук байланыштар кеңейүү менен өз ара ишеним өсүүдө. Натыйжада Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга эс алууга, соода кылууга, туугандарына жана досторуна көбүрөөк каттай баштады. Ошол эле учурда кыргызстандыктар да Өзбекстанга көп барып, коңшу өлкөнү жакындан таанып жатышат. Адамдар канчалык көп баарлашып, саякаттап, биргеликте ишкердик кылышса биздин элдердин ортосундагы байланыш бекемделет” – деп белгиледи Касыбеков.

Туризм инфраструктурасы өнүгүүдө
Кыргызстан — кайталангыс табияты, бай тарыхы жана көчмөн маданияты менен дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтерди өзүнө тарткан Борбор Азиядагы уникалдуу өлкө. Акыркы жылдары өлкөнүн ички жана эл аралык деңгээлдеги туристтик позициясы бекемделип, туристтердин агымы кыйла өстү. Кыргызстанга туристтерди тарткан негизги факторлор уникалдуу жаратылыш, улуттук маданият, жайкы, кышкы туризмдин айкалышы жана элибиздин меймандостугу.
Өлкөдө туристтик инфраструктура да активдүү кеңейүүдө. Акыркы жылдары туризм тармагында ири долбоорлор ишке ашып, жүздөгөн жаңы эс алуу жайлары курулууда. Мисалы, “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери долбоору ишке ашып, “Ала-Арча” жаратылыш паркы оңдоп-түзөөдөн кийин асма жолу менен ишке кирди. Өлкөнүн бардык аймактарындагы эс алуу, ден соолукту чыңдоо жайлары капиталдык оңдоодон өтүп, туристтик аймактар калыбына келтирилүүдө.
Жыйынтыктап айтсак, Кыргызстан туризмди өнүктүрүү багытында туруктуу кадамдарды жасап, эл аралык деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик багытка айланууда. Туристтердин санынын өсүшү, өзгөчө коңшу өлкөлөрдөн келгендердин басымдуулугу өлкөлөр аралык байланыштардын чыңдалышын жана аймактык туризмдин активдешүүсүн айгинелейт.