АКШлык турист: Кыргыз эли менен улуттук кийимдери жакты

Туризм 3 сентябрь 2026 13:01
АКШлык турист: Кыргыз эли менен улуттук кийимдери жакты
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. АКШнын Колорадо штатындагы Боулдер шаарынан келген мейман Кристи VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүп, Кыргызстандын жаратылышына, элине жана улуттук тамактарына кызыкканын билдирди.

Ал Көчмөндөр оюндарына досунун чакыруусу менен келген. Кристи бул оюндар тууралуу мурда укканын, бирок мындай иш-чараны буга чейин көрбөгөнүн айтты.

“Бул жер мага менин үйүмдү элестетти. Анткени мен дагы тоолуу жерде жашайм. Эли жана алардын кийген кооз улуттук кийимдери жакты. Ошондой эле тамактары да абдан даамдуу экен.
Негизи мага Кыргызстанга келүүнү досум сунуштады. Мен өзүм аттарды жакшы көргөндүктөн көкпар оюну кызыктуу болуп жатат”,- деп белгиледи ал.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.