Бишкек, 30.07.26 /Кабар/.Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында 27–30-июль күндөрү өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМКларынын жана аналитикалык борборлорунун форумунун алкагында уюштурулган көргөзмөгө катышканы үчүн Alayku Organic компаниясына терең ыраазычылык билдирет.
Компания тарабынан сунушталган продукция ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнүн маанилүү бөлүгү болуп, чет өлкөлүк жана ата мекендик катышуучуларды Кыргызстанда өндүрүлгөн табигый жана экологиялык таза суусундуктар менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түздү. Alayku Organic компаниясынын продукциясы форумдун конокторунун кызыгуусун жаратып, ата мекендик бренддердин сапатын жана мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу даңазалады.

Мындай эл аралык иш-чараларга ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн катышуусу улуттук продукцияны дүйнөлүк деңгээлде таанытууга, экологиялык жактан таза азыктарды жайылтууга жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого олуттуу салым кошот.
“Кабар” агенттиги Alayku Organic компаниясынын форумду өткөрүүгө кошкон салымын жогору баалайт жана көргөзмөгө активдүү катышканы, көрсөтүлгөн колдоосу жана ата мекендик продукцияны татыктуу тааныштырганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.