Бишкек ШКУ саммити аркылуу дүйнөгө жаңы Кыргызстанды көрсөттү

Аналитика 8 сентябрь 2026 10:25
Бишкек ШКУ саммити аркылуу дүйнөгө жаңы Кыргызстанды көрсөттү
Кабар

Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити дүйнөгө жаңы Кыргызстанды көрсөттү. Бул кыска убакыттын ичинде экономикалык жактан чыңдалган, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жаткан динамикалык өнүгүп жаткан өлкө катары көрсөтө алды. Бүгүн Кыргызстан — эл аралык мамилелерде салмагы бар, дипломатиялык жактан жигердүү мамлекет.

Бишкекте болгон өзгөрүүлөрдү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин белгилеп өтүштү. Алар сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти. Бул тууралуу иш-чаранын бардык катышуучулары да айтышты.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган социалдык тармактарга саммиттен гана эмес, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышынан да кооз роликтер менен бөлүштү. Аларда Кыргызстандын борбор калаасында өтүп жаткан иш-чаралардын масштабы: "Ырыс Ордо" жана "Ынтымак Ордо", кооз жасалгаланган "Бишкек Арена", ошондой эле мелдештин салтанаттуу ачылыш аземинен кадрлар көрсөтүлгөн.

Бүгүн ал кадрлар хроника болуп калды, бирок бул окуялар тарыхка гана кирбестен, өлкөнүн келечектеги перспективдүү өнүгүү багыттарына негиз салып, стратегиялык өз ара аракеттенүү векторун жана Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын илгерилетүүнү бекемдеди. Албетте, бул өлкөнүн эл аралык имиджине гана эмес, ички өсүүгө да таандык.

Казакстандык саясат таануучу, Kazakhstan Today басылмасынын башкы редактору Тимур Куватов белгилегендей, Бишкек тышкы саясий дипломатиялык ийгиликтерди күчтүү экономикалык өнүгүүгө түрткү берген конкреттүү жыйынтыкка айландыра алды. Ошондуктан ШКУ саммитинин бардык катышуучулары Кыргызстандын өсүп-өнүккөнүн, байкаларлык жылыштар болгонун бир ооздон айткандары бекеринен эмес.

"Бишкек бир нече күнгө Евразиянын негизги дипломатиялык аянтчаларынын бирине, дүйнөнүн калкынын жана экономикасынын олуттуу бөлүгүн көрсөткөн мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуу жайына айланды. Жолугушуунун масштабы, өкүлчүлүктүн жогорку деңгээли, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштардын көптүгү Кыргызстандын өзүндө мазмундуу эл аралык диалогду кабыл алууга жана колдоого жөндөмдүү мамлекет катары өсүп жаткан ролун көрсөттү.
Саммиттин практикалык мазмуну өзгөчө мааниге ээ. Кабыл алынган Бишкек декларациясы жана биргелешкен документтердин саны аймактык коопсуздук, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана жасалма интеллект, энергетика, экология жана трансулуттук коркунучтарга каршы туруу чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мындан аркы багыттарын белгиледи.
Ошентип, Бишкек саммити ШКУнун 25 жылдыгына арналган юбилейлик жолугушуу гана болбостон, уюмдун келечектеги өнүгүү багыттары аныкталган аянтча болуп калды. Борбор Азия үчүн бул чечимдердин экономикалык тарабы өзгөчө маанилүү. Транспорттук коридорлорду кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, энергетикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө аймакты Евразиянын ири рынокторунун ортосундагы мейкинликтен өз алдынча транспорттук, соода жана коммуникациялык түйүнгө айландырууга кошумча түрткү бере алат", — дейт Тимур Куватов.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө баары өз ара байланышта, деп белгилейт саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. ШКУнун эволюциясын жана глобалдык трансформацияны жана чоң мейкиндиктердин экономикалык кайра түзүлүшүн жалпы процесс катары кароого болот, бирок анын ичинде туруп агым менен сүзүүгө болбойт, ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргой билиши жана алардын негизинде өнөктөштөр менен прагматикалык жана өз ара пайдалуу байланыштарды түзө билиши керек. Борбор Азия өзгөрүүлөр доорунда туруштук берип, биригүүдө жана бул аймак, Бишкектеги ШКУ саммити көрсөткөндөй, геосаясий жактан маанилүү орду бар.

"Борбор Азия дүйнөлүк саясатта өз алдынча регион катары кабыл алына баштады. Тарыхый жактан бул жерде түрк, кытай, араб, перс, индия жана орус цивилизациялары кесилишкен. Аймак ар дайым соода, маданий жана саясий каттамдардын кесилишинде болуп келген. Бүгүн Борбор Азияга болгон кызыгуу кайрадан өсүүдө. Бишкекке Евразиянын ири мамлекеттеринин лидерлери бир эле убакта чогулганынын өзү эле аймактын ролунун өзгөргөнүн көрсөтүп турат.
Мындан 20–25 жыл мурун Борбор Азияга карата колдонулган көптөгөн мамилелер бүгүнкү күндө реалдуулукка туура келбейт. Дүйнө өзгөрдү, Борбор Азия өзгөрдү, аймактагы мамлекеттеринин экономикалары жана тышкы саясий мүмкүнчүлүктөрү өзгөрдү. Уюмга мүчө болбогон мамлекеттер, анын ичинде Түркия, Азербайжан, Армения, Перс булуңундагы өлкөлөр, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери жана башка өнөктөштөр кызматташууга кошулууда. Толук укуктуу мүчөлөр биринчи кезекте акыркы чечимдерди кабыл алууга катышуу укугу менен айырмаланат.
Бирок өнөктөштөр дагы ар кандай кызматташтык механизмдерине тартылган, алардын позициялары талкууланып, эске алынат. Ошондуктан ШКУ акырындык менен мүчө мамлекеттердин уюму гана эмес, ар кандай өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктары, экономикалык долбоорлору жана идеялары кесилишкен чоң эл аралык хабга айланып баратат", — деп эсептейт Шерадил Бактыгулов.

Шаньдун университетинин ШКУну изилдөө институтунун директорунун орун басары Ма Фэншу "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Кытайда сүйлөшүүлөргө өзгөчө көңүл менен көз салынгандыгын белгиледи.

"Бул протоколдук-салтанаттуу форум эмес, практикалык, байкаларлык натыйжаларга жетишүүгө багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынган жогорку деңгээлдеги жолугушуу болду.

Саммит ШКУга келечекке карата төрт багытты белгиледи:

  • Өнүгүү артыкчылыктуу багытта — салттуу соода-экономикалык кооперация жана жасалма интеллект, санариптик экономика, жашыл энергетика (мисалы, он миллиондогон кВт кубаттуулуктагы фотоэлектрдик генерация долбоору), улуттук валюталар менен эсептешүүлөр.
  • Коопсуздук негизги маселе катары. Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле тышкы кийлигишүүгө каршы туруу.
  • Адамга багытталган мамиле — Лу Бань устаканалары, аналитикалык борборлордун, жаштардын жана аймактардын кызматташтыгы.
  • Диалог жана кеңешүүлөр. Карама-каршы келбөө, үчүнчү тараптарга каршы багытталбоо, Шанхай рухунун улантылышы.

Бул ШКУ жыйындарда жооп кайтаруу моделинен пландуу драйв моделине өтүп жатканын билдирет.

Кабыл алуучу тарап катары Кыргызстан үчүн төмөнкү жыйынтыктарга жетишилди:

  • Дипломатикалык позиция. Борбор Азиянын континенттик мамлекетинен — интеграциялык процесстердин координатору ролуна өтүү.
  • Саммитти кабыл алган өлкөнүн макамы жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жакында шайланышы Кыргызстандын эл аралык имиджин жогорулатты. Өлкө ШКУ боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, Кытай менен байланыштарын бекемдеди, Борбор Азиядагы аймактык кызматташтыктын маанилүү борборуна айланды", — деп белгилейт Ма Фэншу.

Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айпери Жайлообаева Бишкек саммитинде жетишилген макулдашуулар ишке ашырылгандан кийин күтүлүп жаткан экономикалык эффект тууралуу айтып берди.

"Экономикалык көз караштан алганда жетишилген макулдашууларды мындан ары практикалык ишке ашыруу чечүүчү мааниге ээ. ШКУнун күн тартибинде транспорттук байланыш, соода-экономикалык кызматташтык, энергетика, санариптештирүү, технологиялык өнүгүү жана биргелешкен долбоорлорду каржылоо механизмдери көбүрөөк орун ээлөөдө. Кыргызстан үчүн бул инфраструктуралык, инвестициялык жана аймактык демилгелерди илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Өзгөчө мааниге ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштер жана кыргыз тараптын анын штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштыруу боюнча сунушу ээ. Башка мүчө мамлекеттер тарабынан бул маселеге болгон кызыгууну эске алуу менен Кыргызстан үчүн өз демилгесин ырааттуу түрдө илгерилетүү маанилүү. Эгер ал ишке ашса, банкты жайгаштыруу финансылык жана эксперттик инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы кесиптик компетенттүүлүктөрдү түзүүгө жана өлкөнүн аймактык долбоорлорду даярдоого активдүү катышуусуна өбөлгө түзмөк.

Төрагалыктын ички эффекти дагы өлкөнүн уюмдук жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү менен байланышкан. Жыл бою ар түрдүү деңгээлдеги 200гө жакын иш-чара өттү, алардын 50дөн ашыгы түздөн-түз Кыргызстанда өткөрүлдү. Бул ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын топтоого, инфраструктураны жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле ведомстволор аралык координацияны өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Мурунтан эле бекитилген институционалдык жыйынтыктардын бири болуп Бишкекте ШКУнун трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун жайгаштыруу саналат. Анын толук кандуу иштеши ШКУнун калыптанып жаткан коопсуздук архитектурасында Бишкектин ролун күчөтүп, мүчө-мамлекеттердин тиешелүү органдарынын практикалык өз ара аракеттенүүсүн кеңейте алат", — деди Айпери Жайлообаева.

Эксперттер белгилегендей, катышуучулардын улуттук кызыкчылыктарын урматтоого жана тең укуктуулукка негизделген ШКУдагы өз ара аракеттенүү механизмдери мамлекеттерге ички ресурстарды максималдуу пайдалуу колдонууга, көп тараптуу экономикалык долбоорлорго жана аймактык инфраструктураны өнүктүрүүгө катышууга мүмкүндүк берет. Максаттардын жалпылыгы жаңы маанилерди жаратып, өз ара аракеттенүүнүн архитектурасын концептуалдуу түрдө өзгөртөт. Өлкөлөр биргелешкен милдеттерди чечкенде, алар атаандаштар эмес, жакшы достор жана коңшулар болуп саналат. Шанхай кызматташтык уюмунун бул философиясы барган сайын көбүрөк мамлекеттерге жакыныраак болуп баратат.