Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты.
Ведомствонун маалыматына караганда, жыйында министр Кыргызстандын ЭКУ алкагындагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык багыттардагы артыкчылыктарын белгиледи.
Ошондой эле аймактык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ЭКУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Жолугушууда аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле ЭКУну мындан ары өнүктүрүү багыттары талкууланды.