Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар шаардык башкаруу, көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле имараттардын фасаддарын жаңылоо маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулашты. Мындан тышкары, эки шаар ортосундагы Жол картасын жаңыртуу жана туризм тармагындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелер 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясы менен Санкт-Петербург өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы (Жол картасы) кол коюлган.