Баңгизат таратуучулар жаштарга интернет аркылуу жеңил акча убада кылып, баңгизатты жашыруун жерлерге калтыруучу (закладчик) катары тартууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине берген маегинде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Умидахон Исматова айтып берди.
Анын айтымында, мындай кооптуу көрүнүш Кыргызстанда да кулач жаюуда. Кылмыштуу топтор жаштарды интернет аркылуу издеп таап, тез жана оңой киреше табууну сунушташат. Ушундан улам жаштар арасында алдын алуу иштерин күчөтүү ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

— Көбүнчө кандай жарыялар аркылуу "закладчиктерди" издешет? Мындай вакансияларды кантип билсе болот?
— Адатта иш тажрыйбасы талап кылынбай турган, эркин график, күн сайын төлөнүүчү жогорку айлык убада кылынган жарыялар болот. Эгер жөнөкөй тапшырмалар үчүн чоң акча сунуштап, бирок иштин маңызын ачык түшүндүрүшпөсө, бул олуттуу шектенүүгө негиз болот.
— Жаштарды кызыктыруу үчүн кандай сөздөрдү жана ыкмаларды колдонушат?
— Көп учурда "Бул коопсуз", "Эч ким билбейт", "Болгону жеткирүү гана" деген сыяктуу кургак убадаларды беришет. Чындыгында алар баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмышына тартышат. Мындай аракеттер үчүн катуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.
— Кыргызстанда азыр кайсы баңгизаттар эң кооптуу деп эсептелет?
— Азыркы тапта эң чоң коркунучту синтетикалык баңгизаттар жаратууда. Алар көз карандылыкты абдан тез пайда кылып, адамдын ден соолугуна жана психикасына оор зыян келтирет. Мындай заттар негизинен интернет аркылуу таралууда.
— Биринчи жолу "закладчик" болуп кармалган адам эч нерсе сатып үлгүрбөсө дагы жоопко тартылабы? Жашы жете электер боюнча фактылар барбы?
— Баңгизатты сатуу максатында сактоо же ташуу фактысынын өзү үчүн эле кылмыш жоопкерчилиги каралат. Тилекке каршы, жашы жете элек өспүрүмдөр жоопко тартылган учурлар да кездешет. Ошондуктан жеңил акча эч качан талкаланган тагдырга татыбайт.
— Эгер кармалган адам таңгактын ичинде эмне бар экенин билген эмесмин десе, жоопкерчиликтен кутула алабы?
— Ар бир учур өзүнчө иликтенет. Бардык жагдайлар кылдат текшерилип, акыркы чечимди сот чыгарат. Ошондуктан мындай шылтоолорго таянууга таптакыр болбойт.

— Өспүрүмгө же студентке ушундай жумуш сунушталса эмне кылышы керек?
— Дароо баш тартып, ал аккаунтту бөгөттөп, ата-энесине же укук коргоо органдарына билдириши керек. Өзүңдү коргоонун эң жакшы жолу — мыйзамсыз акча сунуштагандар менен эч кандай байланышка кирбөө.
— Ата-энелер баласынын жүрүм-турумундагы кайсы белгилерге көңүл бурушу зарыл?
— Баланын өтө сырдуу болуп калышы, кайдан келгени белгисиз кымбат буюмдардын же акчанын пайда болушу, жабык мессенжерлерде көп убакыт өткөрүшү, түнкүсүн себепсиз көп жүрүшү жана досторунун күтүүсүз өзгөрүшү коңгуроо болушу мүмкүн. Мындай учурда ата-эне бала менен урушпай, тынч сүйлөшүп, абалды тактоосу зарыл.

— Кылмышкерлер жаштарды өз тузагына кантип ынандырышат?
— Алар психологиялык ыкмалар менен ишенимге кирип, чоң акча убада кылышат, эч кандай коркунуч жок деп ишендирип, жоопкерчилик болбойт деген жалган ойду жаратышат. Бирок акыры мыйзам алдында жоопкерчиликти буйрукту аткарган адам өзү тартат.
— Жаштарга кандай кайрылуу жасайт элеңиз?
— Кыргызстандагы бардык жаштарга кайрылгым келет. Оңой акчанын арты сөзсүз кайгылуу кесепет менен бүтөт. Баңгизат бизнеси жаштарды жөн гана колдонулуучу курал катары көрөт. Өзүңөрдүн келечегиңерди, ата-энеңерди жана жакындарыңарды ойлогула. Бир эле туура эмес кадам бүт өмүрүңөрдү талкалап коюшу мүмкүн. Өзүңөрдү сактагыла, эркиндигиңерди баалагыла жана мыйзамдуу жолду гана тандагыла.