Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Күз мезгилинде балдардын аллергиясынын күчөшүн алдын алуу, илдетти туура аныктоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, аллерголог Шайырбек Сулайманов айтып берди.
Анын айтымында, күздүн келиши менен көптөгөн балдардын мурдунан суу агып, чүчкүрүп, мурду бүтүп, көзү кычышып, кызарып, жөтөлүп, ышкырыктуу дем алып же терисине бүдүрлөр чыгып кетиши мүмкүн.
Кыргызстандын шартында сезондук чаңча аллергиясы менен катар үйдүн чаңына, чаң кенелерине, көгөргөн тактарга жана башка аллергендерге да көңүл буруу зарыл. Анткени күзүндө балдар көп убактысын үйдө өткөргөндүктөн, мындай аллергендердин таасири күчөшү ыктымал.
Ата-энелерге кандай кеңеш берилет?
Шайырбек Сулаймановдун айтымында, биринчи кезекте баланы белгилүү аллергенден мүмкүн болушунча алыс кармоо керек. Үйдү дайыма нымдуу тазалап, көгөрүп кетишине жол бербөө, бөлмөлөрдү желдетип туруу жана ашыкча нымдуулукту көзөмөлдөө зарыл. Шейшептерди үзгүлтүксүз жууп туруу сунушталат. Эгер баланын чаң кенелерине аллергиясы бар болсо, матрац жана жаздык үчүн атайын коргоочу каптарды колдонсо болот.
“Сейилдеп келгенден кийин баланын бети-колун жуудуруш керек. Сезондук аллергиясы күчтүү болсо, душка түшүрүп, кийимин алмаштыруу сунушталат. Дени сак баланы сыртка чыгарбай коюу да туура эмес. Анын ордуна аллергиянын алдын алуу чаралары баланын абалына жараша жүргүзүлгөнү туура”, — деп белгиледи аллерголог.
Аллергиянын себебин туура аныктоо маанилүү
Дарыгердин айтымында, заманбап аллергологияда диагнозду бир гана белгилерге же кан анализине таянып коюу ыкмасынан акырындап баш тартылып жатат. Европалык Аллергология жана клиникалык иммунология академиясынын (EAACI) жаңы сунуштарында бейтаптын аллергологиялык таржымалын тактоо, тери тесттерин жүргүзүү жана спецификалык IgE антителолорун аныктоо маанилүү экени белгиленет.
Аллергиянын себебин так аныктоо үчүн аллергендин курамындагы айрым белокторго организмдин сезгичтигин аныктоочу компоненттик же молекулярдык (ALEX) аллергодиагностика колдонулат.
Заманбап дарылоо антигистаминдик дарылар менен гана чектелбейт
Шайырбек Сулайманов аллергиялык ринит жана айрым башка ооруларда аллергенге спецификалык иммунотерапия (АСИТ) колдонулушу мүмкүн экенин айтты. Бул ыкма ооруну азайтуу менен гана чектелбестен, айрым бейтаптарда аллергиянын андан аркы өнүгүшүнө да таасир этиши мүмкүн.
“Балдар аллергологиясында биологиялык препараттар да активдүү өнүгүп жатат. Бул өзгөчө аллергиялык сезгенүү менен байланышкан оор түрдөгү ооруларда жана тамак-аш аллергиясында маанилүү. 2025-жылдагы изилдөөлөр омализумаб жана иммунотерапияны тамак-аш аллергиясын дарылоодо колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөнү улантууда”, — деди ал.
Аллергиянын алдын алуу эрте курактан башталат
Акыркы жылдардагы изилдөөлөр аллергиялык илдеттердин пайда болуу коркунучу баланын жашоосунун алгачкы мезгилиндеги жана айлана-чөйрөдөгү бир катар факторлорго байланыштуу экенин көрсөтүүдө.
“Кыргызстан үчүн бул өзгөчө маанилүү. Аллергияга чалдыгуу тобокелдиги жогору балдарды эрте аныктоону, ата-энелердин жана медициналык кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатууну, аллергологиялык диагностика мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана оор түрдөгү аллергиясы бар балдарга заманбап дарылоо ыкмалары жеткиликтүү болушун камсыз кылуу зарыл”, — деп баса белгиледи профессор.
Ал белгилегендей, мурундун ар бир бүтүшү аллергиядан болбойт, ошондой эле тамак-ашка болгон ар бир реакцияны эле тамак-аш аллергиясы деп эсептөөгө болбойт. Диагноз такталмайынча балага өз алдынча узак мөөнөттүү дары берүүгө же көптөгөн азыктарды рациондон алып салган туура эмес.
Эгер аллергиянын белгилери кайталанып, баланын уйкусуна, окуусуна же спорт менен машыгуусуна тоскоол болсо, ошондой эле жөтөлүп, дем алуусу кыйындаса, педиатрга, аллергологго же балдар пульмонологуна кайрылуу зарыл.
“Заманбап аллергология белгилерди жөн гана көзөмөлдөө эмес, ооруну так аныктоого, ар бир бейтапка ылайык дарылоого жана оорунун күчтүү белгилеринин алдын алууга багытталууда”, — деп жыйынтыктады Шайырбек Сулайманов.