Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Өсүмдүк азыктары эс тутумду жана көңүл бурууну жакшыртууда балык менен омега-3төн кем калышпаган маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Россапаттын (Роскачество) Өсүмдүк негизиндеги продукцияларды өнүктүрүү боюнча компетенция борборунун жетекчиси Олеся Махова айтып бергенин Лента.ру жазды.
Анын айтымында, өсүмдүк тамак-аштары нейрондордун натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон заттардын комплексин камтыйт.
Адис кара түстөгү мөмө-жемиштер, анын ичинде кара карагат (черника), көк карагат (голубика) жана бүлдүркөн (ежевика) нерв клеткаларын бузулуудан коргоп, мээнин калыбына келишине жардам берерин белгиледи.
Бурчак өсүмдүктөрү — нокот, төө бурчак жана чечевица — канттын деңгээлин кескин жогорулатпастан организмди энергия менен камсыздайт, бул көңүл бурууну узакка сактоого өбөлгө түзөт.
Махова рационду түзүүдө жөнөкөй принципти карманууну сунуштады: табактын жарымын жашылчалар менен көк чөптөр, чейрегин дан өсүмдүктөрү, ал эми калган чейрегин белок түзүшү керек.