Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасында бейтаптарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана дарыгерлердин жүгүн азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, бүгүнкү күндө кабыл алууда 8 дарыгер иштеп жатат. Суткалык нөөмөттө дарыгерлердин санын 15ке чейин көбөйтүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигине билдирүү жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, ооруканада 212 орунга ылайыкталган жаңы хирургиялык корпус курулууда. Анда травматология, нейрохирургия, проктология, торакалдык хирургия, урология жана башка багыттар боюнча медициналык жардам көрсөтүлөт.
"Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин учурдагы имараттардагы орундар бошоп, педиатрлардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.
Оорукананын башкы дарыгери бул чаралар шаар калкынын жана жаңы конуштардын көбөйүшүнө байланыштуу өсүп жаткан бейтаптардын агымын тейлөөгө багытталганын белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште аталган ооруканада кезек күткөндөр көп экени жана дарыгерлер жетишпей жатканы айтылган.