Жаңы окуу жылы: Ата-энелер балдардын коопсуздугуна көңүл буруусу зарыл

Коом 14 сентябрь 2026 09:20
Жаңы окуу жылы: Ата-энелер балдардын коопсуздугуна көңүл буруусу зарыл
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. 2026–2027-жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти окуучулардын ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.

Агартуу министрлигинин чечимине ылайык, борбор калаадагы мектептерде окуу процесси 15-сентябрда башталат. Окуу жылынын биринчи күнүндө борбор калаанын мектептеринде Билим күнүнө арналган иш-чаралар, ошондой эле тарбиялык класстык сааттар өткөрүлөт.

Мындан улам Билим берүү департаменти ата-энелерден балдарына коопсуздук жана жүрүм-турум эрежелерин алдын ала эскертип, алардын мектепке өз убагында келишин камсыз кылууну жана майрамдык иш-чаралар учурунда ден соолугунун абалына көңүл бурууну өтүнөт.

Баланы мектепке бара жаткан жолдо жана сабактар аяктагандан кийинки учурда коштоп жүрүү үчүн жоопкерчилик ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт. Ошондой эле ата-энелерге класс жетекчи менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, мектеп тарабынан берилген маалыматтар менен өз убагында таанышып туруу сунушталат.