Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 2025-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тарбияланган балдардын саны 276 миңге жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 76 миң 205 балага көп. Бул тууралуу Агартуу министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып "Кабар" агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, 1–6 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына катышуу көрсөткүчү 2021-жылдагы 24%дан 2025-жылы болжол менен 35%га чейин өскөн. Ал эми 3–5 жаштагы балдардын 51%ы бала бакчага барууда.
Белгилей кетсек, 2021–2025-жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 199 миң 813төн 276 миңге чейин өстү.