Ажырашуу жана турак жай маселеси: Балалууларды коргоо сунушталууда

Коом
Ажырашуу жана турак жай маселеси: Балалууларды коргоо сунушталууда
copyright icon ЖИ
Кабар редакциясы

Кыргызстанда ажырашкандан кийин сот жубайлардын бирин — турак жайдын ээсин — мурдагы жубайына убактылуу баш калкалоочу жай берүүгө же башка батирдин ижара акысын төлөөгө милдеттендире ала турган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоор нике бузулгандан кийин оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын, өзгөчө багуусунда жаш балдары калгандардын турак жай укуктарын коргоого багытталган.

Бул көйгөй буга чейин президент Садыр Жапаровдун аймактардын тургундары менен жолугушуулары учурунда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Алсак, Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушууда Гүлзат аттуу тургун мамлекет башчысына кайрылып, күйөөсү аны үч баласы менен таштап кеткенин айткан. Ошондой эле мурдагы күйөөсү сот аркылуу биргелешип тапкан мүлкүнөн ажыратууга аракет кылып жатканын билдирген. Президент тиешелүү сот жана көзөмөл органдарына кайрылууну калыс кароону тапшырып, маселени жеке көзөмөлүнө аларын баса белгилеген.

Дагы бир окуя Аксы районунун тургундары менен жолугушууда айтылган. Жергиликтүү тургундун билдирүүсүнө караганда, мындан 10 жыл мурда күйөөсү анын макулдугусуз эле Ак-Ордо конушундагы жер тилкесин белекке берүү келишими аркылуу кайнатасынын атына каттатып койгон. Кийин алар ал жерге үй куруп, учурда ал аял төрт баласы менен ошол үйдө жашайт. Бирок кайнатасы турак жайды бошотуу талабы менен сотко кайрылган. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине кырдаалды иликтөөнү тапшырып, төрт баласы бар аялды баш калкалоочу жайсыз калтырбоо керектигин баса белгилеген.

Ажырашуулардын статистикасы

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2021–2025-жылдары Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында ажырашуулардын саны өскөн. Алсак, 2025-жылы Бишкек шаарында 2 557, Жалал-Абад облусунда 2 479, Ош облусунда 2 273 жана Чүй облусунда 2 175 ажырашуу катталган. Ошондой эле Ысык-Көлдө 1 534, Баткенде 896, Нарында 834, Ош шаарында 829 жана Талас облусунда 633 нике бузулган.

Мыйзам долбоорун кимдер демилгеледи?

Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 10 депутаты демилгелеген. Алардын арасында парламент төрагасы Марлен Маматалиев да бар. Документтин авторлору — Гүлкан Молдобекова, Гүлнара Акимбаева, Гүлнара Баатырова, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Махабат Мавлянова, Жылдыз Таалайбек кызы, Болот Сагынаев, Бекмурза Эргешов жана Айбек Алтынбеков.

Демилгечилердин бири Гүлнара Баатырованын айтымында, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга ажырашкандан кийин балдары менен турак жайсыз калган аялдардын көйгөйү себеп болгон.

"Көп учурда аялдардын үйдө жашоого укугу болбой калат, анткени турак жай күйөөсүнүн же анын жакын туугандарынын атына катталган. Турмуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн аялдар балдары менен убактылуу реабилитациялык борборлордо жана ижарага алынган батирлерде жашоого аргасыз болушат", — деди депутат.

Ал ата-эненин ажырашуусу балдардын келечегине терс таасирин тийгизбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, чоңдордун чечиминен улам балдар турак жайсыз калбашы зарыл.

Мыйзам долбоору кандай иштейт?

Сунушталып жаткан нормаларга ылайык, сот ар бир ишти өзүнчө карап, мурдагы жубайлардын материалдык абалын, ден соолугун, балдардын бар-жогун жана башка жагдайларды эске алуу менен турак жай берүү маселесин чечүүгө укуктуу болот.

Тактап айтканда, сот кыймылсыз мүлктүн ээси болгон жубайга мурдагы өнөктөшүнө белгилүү бир мөөнөткө турак жай берүүнү же башка турак жайдын ижара акысын төлөөнү милдеттендире алат.

Мында кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугу анын ээсинде калат. Мыйзам долбоору мүлктү мурдагы жубайына өткөрүп берүүнү же ажырашкандан кийин аларды мажбурлап чогуу жашатууну карабайт.

"Биздин негизги максатыбыз — кимдир бирөөнүн мүлкүн тартып алуу эмес, ажырашкандан кийин балдары менен калган адамды оор кырдаалда жалгыз калтырбоо. Үй-бүлө бузулушу мүмкүн, бирок балдардын келечеги жана коопсуз жашоосу корголушу керек", — деди Гүлнара Баатырова.

Юристтер эмне дейт?

Адам укуктарын коргоо жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам берүү боюнча адистешкен адвокат Эсения Рамазанова мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Анын пикиринде, демилге ажырашкандан кийин балдары менен калып, өзүнүн турак жайы жок аялдардын укуктарын коргоого жардам берет. Адвокат белгилегендей, көпчүлүк учурда балдар энесинин жанында калып, анын багуусунда болушат.

"Мен бул мыйзам долбоорун толугу менен колдойм. Ал ажырашкандан кийин балдары менен калган аялдардын көчөдө калуу коркунучун сөзсүз азайтат. Нике бузулган учурлардын 80-95 пайызында балдардын санына карабастан, алар энесинин жанында калышат", - деди адвокат.

Рамазанова алимент өндүрүүдө аялдар туш болгон кыйынчылыктарга да көңүл бурду. Анын айтымында, айрым аталар кыймылсыз жана башка мүлккө ээ болгонуна карабастан, расмий кирешеси аз экенин жүйө келтирип, алименттин минималдуу өлчөмүн белгилөөгө аракет кылышат.

"Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар, жетекчилик кызматтарды ээлеген аталар айлыгы 10-15 миң сом экендиги тууралуу маалымкаттарды берип, алиментти ушул суммадан эсептөөнү суранышкан учурларга туш болобуз. Мында айына 8-10 миң сомдун өзү да баланы толук кандуу багууга жетишсиз болушу мүмкүн", - деп белгиледи ал.

Адвокаттын айтымында, балдарды багууга кеткен чыгымдар тамак-аш жана кийим-кече менен гана чектелбейт. Ага турак жайдын ижара акысы, коммуналдык кызматтар, билим алуу жана күнүмдүк башка муктаждыктар да кирет.

Анын пикиринде, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ажырашкандан кийин энеси менен калган балдарга туруктуу турак жай шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

"Бул жерде сөз эне жөнүндө гана эмес, биринчи кезекте балдар жөнүндө болуп жатат. Алар ата-энесинин ажырашуусунан улам жабыркап, турак жайсыз калуу коркунучуна туш болбошу керек. Мыйзам кабыл алынгандан кийин анын аткарылышына тийиштүү көзөмөл жүргүзүлсө, бул балдардын турак жай укуктарын жана бакубаттуулугун коргоонун кошумча кепилдиги болот", - деп жыйынтыктады Эсения Рамазанова.

"Биздин укугубуз бар" юридикалык фирмасынын негиздөөчүсү, үй-бүлөлүк укук боюнча адис Жибек Кенжебекова демилге өз убагында көтөрүлгөнүн белгилегени менен, аны ишке ашыруу механизмин дагы тактоо зарыл деп эсептейт.

"Ажырашкандан кийин аял, өзгөчө балдары бар болсо, чындап эле турак жайсыз жана жашоого каражатсыз калышы мүмкүн. Бирок 13 жылдык юридикалык тажрыйбамда ар бир үй-бүлөнүн чыныгы жагдайларын эске алуу маанилүү экенине ынандым. Кыргызстанда айына 10 миң сом тапкан адамдар да, миллиондогон байлыгы бар адамдар да бар. Ошондуктан муктаж болгондорду коргоо зарыл, бирок материалдык жактан камсыз болгон мурдагы жубайга экинчисин багуу милдетин автоматтык түрдө жүктөөгө болбойт", - деп белгиледи ал.

Юристтин пикиринде, мыйзам долбоорунда муктаждыкты аныктоонун так критерийлери, турак жай берүү мөөнөттөрү, никенин узактыгына коюлуучу талаптар, ижара акысынын жогорку чеги жана милдеттенмелерди токтотуу шарттары көрсөтүлүшү керек. Ошондой эле жашы жете элек балдардын бар-жогу жана алардын кызыкчылыктары өзүнчө эске алынууга тийиш.

"Эгерде ортодо жалпы балдар жок болсо, анда бир мурдагы жубай экинчисинин турак жайын кайсы негизде, канча убакытка жана кандай өлчөмдө төлөп бериши керек деген суроо жаралат. Бул эркектерге да, аялдарга да тиешелүү. Так чектөөлөр болбосо, соттук талаштар көбөйүп, мурдагы өнөктөштү багуу боюнча иш жүзүндө мөөнөтсүз милдеттенмелер пайда болушу мүмкүн", - деп эсептейт Кенжебекова.

Ал ошондой эле алимент өндүрүү механизмин өркүндөтүү жана төлөөчүлөрдүн кирешелери тууралуу маалыматтардын аныктыгын текшерүү зарылдыгына көңүл бурду. Анын айтымында, расмий айлык адамдын чыныгы каржылык мүмкүнчүлүгүн дайыма эле чагылдыра бербейт. Мындан биринчи кезекте балдарды камсыздоо жабыркайт.

"Батирдин болушу адамдын мурдагы жубайынын ижара акысын төлөөгө каражаты бар дегенди билдирбейт. Мүлк ээсинин ипотекалык насыясы, аз айлыгы, башка балдары жана милдеттенмелери болушу мүмкүн. Ошондуктан сот эки тараптын тең каржылык абалын баалап, мыйзам өлчөмдүү жана иш жүзүндө аткарууга мүмкүн болгон чечимдерди карашы керек", - деди юрист.

Кенжебекова мыйзам долбоорунун максатын колдой турганын, бирок сунушталган чараларды колдонуу үчүн так мөөнөттөрдү, каржылык чектөөлөрдү жана критерийлерди белгилөө зарыл экенин баса белгиледи.

"Мыйзам адамды үй-жайсыз калуудан коргошу керек, ошол эле учурда бул чараны колдонуу үчүн так мөөнөттөрдү, каржылык чектерди жана критерийлерди белгилеши зарыл. Болбосо жакшы ниет менен сунушталган демилге жаңы талаштарды жана аткарууга мүмкүн болбогон сот чечимдерин жаратышы мүмкүн", - деп жыйынтыктады ал.

Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы эмнени көрсөтөт?

Испанияда Жарандык кодекстин 96-беренесине ылайык, эгер сот бекиткен макулдашуу жок болсо, үй-бүлөлүк турак жайды пайдалануу укугу жашы жете элек балдарга жана алар менен калган ата-энеге берилет. Эреже катары, бул укук балдар бойго жеткенге чейин сакталат. Мында турак жайга менчик укугу өткөрүлбөйт, болгону аны пайдаланууга уруксат берилет. Эгер жалпы жашы жете элек балдар жок болсо, айрым жагдайларда сот турак жайды пайдалануу укугун коргоого көбүрөөк муктаж болгон жубайга бере алат.

Францияда ажырашуу процесси жүрүп жаткан учурда сот үй-бүлөлүк турак жайды жубайлардын кимиси пайдалана турганын аныктай алат. Ошондой эле турак жайды акысыз пайдаланууга болобу же анын ордуна компенсация төлөнүшү керекпи деген маселени чечет. Мындан тышкары, турак жай жубайлардын бирине таандык болсо, белгилүү шарттарда сот аны балдары менен жашап жаткан экинчи жубайга белгиленген мөөнөткө ижарага берүүнү чечиши мүмкүн.

Германияда мыйзамдар балдардын кызыкчылыктарын жана эки тараптын турмуштук жагдайларын эске алуу менен үй-бүлөлүк турак жайды жубайлардын бирине пайдаланууга берүүгө жол берет. Эгер кыймылсыз мүлк экинчи жубайга таандык болсо, турак жайды пайдалануу укугун берүү үчүн мыйзамда белгиленген шарттар, анын ичинде адилетсиз кесепеттерге жол бербөө зарылдыгы аткарылышы керек. Айрым учурларда турак жайды ижарага алуу келишимин улантуу же аны турак жай берилген жубайдын атына тариздөө мүмкүнчүлүгү да каралат.

АКШда ажырашуу процесси учурунда үй-бүлөлүк турак жайда ким жашай турганы убактылуу соттук чечимдер аркылуу аныкталышы мүмкүн. Мисалы, Аризона штатынын мыйзамдары сотко жубайлардын бирине үй-бүлөлүк турак жайды өзгөчө пайдалануу укугун берүүгө, ошондой эле жубайына жана балдарына убактылуу каражат төлөөнү белгилөөгө мүмкүндүк берет. Юта штатында убактылуу соттук чечимдер иш толук чечилгенге чейин үй-бүлөлүк үйдө ким жашай турганын жана айрым чыгымдарды ким төлөй турганын аныктай алат. Конкреттүү эрежелер штаттын мыйзамдарына жараша айырмаланат.

Ошентип, чет өлкөлөрдүн тажрыйбасында ажырашкандан кийинки турак жай маселесин чечүүнүн бир нече механизми бар. Алардын катарына ата-энелердин бирине үй-бүлөлүк турак жайды пайдалануу укугун берүү, жашоо тартибин убактылуу аныктоо жана мурдагы жубайлардын ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүү кирет. Бул чараларды колдонуу шарттары ар бир өлкөнүн мыйзамдарына жана конкреттүү иштин жагдайларына жараша айырмаланат.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындай механизмдер ажырашкандан кийин мурдагы жубайлардын бири экинчисине өзүнчө батирдин ижара акысын сөзсүз төлөп берүүгө милдеттүү дегенди билдирбейт. Үй-бүлөлүк турак жайды пайдалануу, алимент жана компенсациялык төлөмдөр маселелери балдардын кызыкчылыктарын, тараптардын мүлктүк укуктарын жана улуттук мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен өз-өзүнчө жөнгө салынат.

Жалган Чолпон Урмалиева
Которгон Тургунбек кызы Аида