Үй-бүлөлүк баалуулуктар: Турак жай, колдоо жана никеге карата жаңы көз караштар

Коом
Үй-бүлөлүк баалуулуктар: Турак жай, колдоо жана никеге карата жаңы көз караштар
copyright icon WWW
Кабар редакциясы

Үй-бүлөлүк мамилелер Кыргызстанда экономикалык кыйынчылыктардын, эмгек миграциясынын жана жубайлардын милдеттерди бөлүштүрүүгө болгон жаңы көз караштарынын таасири астында өзгөрүүдө. Ошол эле учурда жаш үй-бүлөлөр үчүн жеткиликтүү турак жай, балдарды тарбиялоо жана социалдык колдоо маселелери актуалдуу бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында катталган никелердин саны кыскарган. Ал эми Бишкек шаарында, Ошто жана Талас облусунда өсүш байкалган. Ошондой эле көпчүлүк аймактарда ажырашуулардын саны көбөйгөн.

Аймактарда нике жана ажырашуу көрсөткүчтөрү кандай өзгөрүүдө?

Кыргызстанда расмий катталган никелердин динамикасы ар кандай тенденцияларды көрсөтүүдө. 2021-2022-жылдары эң жогорку өсүш катталгандан кийин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында көрсөткүчтөр акырындап туруктуу абалга келген же бир аз төмөндөгөн.

Никеге туруунун динамикасынан айырмаланып, ажырашуулардын көрсөткүчү башкача багытта өзгөрүүдө. Акыркы жылдары республиканын көпчүлүк аймактарында ажырашуулардын саны өсүп жатканы байкалат.

"Кабар" агенттигине Социалдык изилдөөлөр борборунун жетекчиси, социология илимдеринин доктору, профессор Нурбек Өмүралиев билдиргендей, Кыргызстанда үй-бүлөлүк салттарга болгон көз караш акырындап өзгөрүп, кайрадан каралып жатат.

Анын айтымында, улууларды урматтоо, балдарга кам көрүү жана туугандардын бири-бирине жардам берүүсү маанилүү бойдон калууда. Бирок бул баалуулуктар жубайлардын тең укуктуулугу жана өз алдынча чечим кабыл алуу укугу менен айкалышы керек. Үй-бүлөлүк мамилелерге эмгек миграциясы, турак жай көйгөйлөрү жана каржылык жүктөм да таасир этүүдө.

Жеткиликтүү турак жай — жаш үй-бүлөлөрдүн негизги муктаждыктарынын бири

Жубайлар үчүн өз алдынча турак жайга ээ болуу негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мындан тышкары, балдарды тарбиялоого кеткен чыгымдар, туруктуу жумуштун жоктугу, насыялар жана үй-бүлөлүк салтанаттар кошумча каржылык жүк жаратууда.

Турак жай маселесин чечүүдө жаш үй-бүлөлөрдү колдоого жана аларды турак жай менен камсыз кылууга багытталган программаларды ишке ашырган Мамлекеттик ипотекалык компания маанилүү роль ойнойт.

Нурбек Өмүралиевдин пикиринде, үй-бүлөнү бекемдөө үчүн комплекстүү мамиле зарыл. Бул экономикалык шарттарды жакшыртууну, турак жайдын жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле жарандардын финансылык сабаттуулугун жана чыр-чатактарды чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Гүлнара Баатырова үй-бүлөлүк мамилелерге экономикалык кыйынчылыктар, турак жай маселеси, миграция жана жаштардын көз караштарынын өзгөрүшү таасир этерин белгиледи.

"Салттуу баалуулуктарды сактоо үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн укугун, кадыр-баркын жана жеке тандоосун урматтоо менен айкалышы керек", - деп баса белгиледи ал.

Депутаттын айтымында, үй-бүлөнү бекемдөө үчүн жеткиликтүү турак жай, туруктуу жумуш, ата-энелерди колдоо жана социалдык кызматтарды өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле жаштарды үй-бүлөлүк жашоого даярдоо, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандыруу жана психологиялык кеңеш алууну жеткиликтүү кылуу маанилүү.

Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп турган мезгилде үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөөгө жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган демилгелер, анын ичинде "Кучак" долбоору ишке ашырылганын билдирди.

Үй-бүлөнү мамлекеттик колдоо жана зомбулуктун алдын алуу

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун укуктук системасы иштейт. "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ал эми 2024-жылдын 7-августунда киргизилген өзгөртүүлөр коргоо механизмдерин кеңейткен. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнөн билдиришти.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана жабыркагандарды коргоого катышкан субъекттердин саны 19га чейин көбөйтүлгөн. Ошондой эле зомбулук жасаган адамдар үчүн жүрүм-турумун оңдоого багытталган программалар каралып, коргоо ордеринин колдонуу мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылган.

Министрлер кабинети 2026-жылдын 20-майында №358 токтом кабыл алган. Анда мамлекеттик органдардын өз ара иш алып баруусун координациялоо жана жабыркагандарга "бирдиктүү терезе" принциби боюнча комплекстүү жардам көрсөтүү каралган.

Мындан тышкары, сегиз министрлик 2026-2028-жылдарга үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана анын алдын алуу боюнча иш-чаралар планын бекиткен. Планда алдын алуу иштерин күчөтүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана жабыркагандарга жардам алууну жеткиликтүү кылуу каралган.

2026-жылдын февраль айында өлкөнүн аймактарында үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына чара көрүү жана тиешелүү кызматтардын ишин координациялоо боюнча семинарлар өткөрүлгөн. Август айында "Үй-бүлө" аттуу иш-чаралар уюштурулуп, анда жарандарга зомбулукка жол берилбестиги, анын кесепеттери жана мыйзамда каралган жоопкерчилик тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.

2026-жылдын октябрь айында Бишкек жана Ош шаарларында № 358 токтомду ишке ашыруу боюнча семинарларды өткөрүү пландалган. Алар зомбулук фактыларын аныктоо, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана "бирдиктүү терезе" принцибин колдонуу боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2025-жылдын күзүндө өлкөнүн аймактарында алардын укуктарын коргоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык-консультациялык семинарлар өткөн.

Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам

Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо Кыргызстандын өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, ишке орноштуруу органдары жана башка мекемелер менен биргеликте иш алып барат. Үй-бүлөнүн муктаждыгына жараша социалдык жардам көрсөтүлөт, документтерди тариздөөгө көмөк берилет, окууга жөнөтүү жана башка колдоо чаралары уюштурулат.

2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга кабылган 2 миң 173 үй-бүлө аныкталган. Алардын ичинен 370 үй-бүлө бул категориядан чыгарылган.

Ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 4 миң 539 бала аныкталган. Алардын 2 миң 968ине балдар менен иштөө боюнча жекече пландар иштелип чыгып, бекитилген. Натыйжада 2 миң 372 баланы турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга жетишилген.

Үй-бүлө институтун бекемдөө салттарды сактоо менен гана чектелбейт. Ал жубайлардын өз алдынча чечим кабыл алышына, балдарды тарбиялоосуна жана зарыл социалдык жардам алуусуна шарт түзүүнү да камтыйт. Мында үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн укугун коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт бойдон калууга тийиш.