Үй тибиндеги бала бакчалар: 6 миңден ашык бала тарбияланууда

Коом
Үй тибиндеги бала бакчалар: 6 миңден ашык бала тарбияланууда
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Учурда өлкө боюнча үй тибиндеги 277 бала бакча иштейт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларга болжол менен 6200дөн ашык бала камтылган. Ошондой эле бала бакчаларга 813 кызматкер ишке тартылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2023-жылдан тартып үй тибиндеги бала бакчаларды уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлө баштаган.