Алты жылдагы ири долбоорлор: аймактарда эмнелер өзгөрдү?

Экономика 16 сентябрь 2026 18:05
Алты жылдагы ири долбоорлор: аймактарда эмнелер өзгөрдү?
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Акыркы алты жылда Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган бир катар ири инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлор ишке ашырылды. Жаңы жолдор жана энергетикалык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылып, мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер пайдаланууга берилди. Ошондой эле мамлекеттик чек ара маселелерин жөнгө салуу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо жана Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолун улантуу сыяктуу стратегиялык долбоорлор ишке ашырылууда.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен акыркы алты жылда Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке ашырылды. Мамлекет башчысы 2021-жылы президенттик шайлоонун алдында экономика, энергетика, жолдорду жакшыртуу, инвестиция тартуу жана аймактарды өнүктүрүү боюнча бир катар убадаларды айткан. Бүгүнкү күндө алар ишке ашырылып, өлкө боюнча жаңы жолдор, энергетикалык объектилер, завод-фабрикалар жана социалдык объектилер курулууда.

Бул мезгилдеги маанилүү окуялардын бири — коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара маселелеринин жөнгө салынышы болду. Чек ара маселесинин жөнгө салынышы менен катар чек арага жакын аймактарда инфраструктураны калыбына келтирүү жана социалдык объектилерди курула баштады. Эң башкысы аталган жерлердин калкы тынчтыкта, бакубат жашоо мүмкүнчүлүгүн алышты.

Ошондой эле Кумтөр кенинин Кыргызстанга өтүшү да маанилүү экономикалык окуялардын бири болду. Анын үзүрүн мамлекет көрүп жаткан убагы.

Өндүрүшкө жаңы дем

Аймактардагы өзгөрүүлөрдүн дагы бир багыты — өндүрүштү кеңейтүү болууда. Акыркы жылдары курулуш материалдарын өндүрүү, кайра иштетүү, фармацевтика, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармактарында жаңы ишканалар пайда болду.

Аймактарда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга жана иштеп жаткан заводдорду кеңейтүүгө басым жасалды. Чүйдө “Асылташ Керамикс”, “Терек-Таш” сыяктуу ишканалардын өндүрүшү кеңейип, Кеминде клинкер жана цемент чыгаруучу ири завод курулууда. Кара-Балтада мунайды кайра иштетүүчү завод модернизацияланууда.

Ошто “ЭКО Азык” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү борбору ишке кирсе, Жалал-Абадда мунай иштетүү жана кайра иштетүү тармагындагы ишканалардын кубаттуулугу кеңейтилүүдө. Нарында Солтон-Сары кенин өздөштүрүү жана кайра иштетүү, Таласта айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү, Баткенде кайра иштетүүчү ишканаларды жана өндүрүштү кеңейтүү боюнча долбоорлор жүргүзүлүүдө.

2025-жылы — 119 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Аларга жалпы 715,6 млн доллар инвестиция салынып, 8 451 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Ал эми быйылкы жылы “100 өнөр жай ишканасы” долбоорунун алкагында 113 долбоорду ишке ашыруу пландалса, сентябрь айына карата алардын ичинен 60 ишкана ишке кирди.

Билим берүү объектилери көбөйүүдө

Аймактарда калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган социалдык объектилерди куруу жана жаңылоо иштери күчөдү. Өзгөчө билим берүү тармагына көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар жана заманбап билим берүү мекемелери ачылууда.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча 34 мектеп жана 28 бала бакча пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, таланттуу окуучуларды тереңдетип окутууга багытталган “Акылман” президенттик лицейлеринин аймактардагы филиалдары ачыла баштады. 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында биринчи “Акылман” лицейи ачылса, 2026-жылы Талас жана Манас шаарларында анын филиалдары окуучулар үчүн эшигин ачты.

Жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын 56сы жаңы курулуш: 49 мектеп жана 7 бала бакча. Мындан тышкары, аймактарда спорт залдар, футбол аянтчалары жана маданият үйлөрү да курулуп, жаңыланууда.

Саламаттык сактоо объектилери жаңыланууда

Аймактарда жаңы медициналык объектилер да курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Ош облусунун Өзгөн районунда 60 орундуу жаңы врачтык борбор ишке берилди. Жалал-Абад облусунда Эне жана баланы коргоо борборунун курулушу аяктады.

Мындан тышкары, 2024-жылы өлкө боюнча 47 фельдшердик-акушердик пункт курулуп, пайдаланууга берилген. Баткен, Нарын, Ош жана башка облустарда медициналык мекемелерди куруу жана жаңылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылды.

Аймактарда ипотекалык турак жайлар курулууда

Аймактарда жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай куруу иштери да жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоорлорунун алкагында Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында көп кабаттуу үйлөр жана турак жай комплекстери курулууда.

Чүйдө “Кара-Балта Сити”, “Көчмөн Сити”, “Токмок Сити” жана Кант шаарындагы турак жай комплекси, Ысык-Көлдө “Хан-Теңири-5”, Жалал-Абадда “Асман Резиденс” сериясындагы комплекстер, Баткенде “Асман Резиденс-1, 2, 3” долбоорлору ишке ашырылууда.

Ош облусунда Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, Нарында жана Таласта да ипотекалык турак жайлар курулууда. Бүткөн объектилер ээлерине тапшырылып жатат.

Энергетика — ири долбоорлордун өзөгү

Энергетика тармагында акыркы жылдары бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын арасында кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өзгөчө орунда турат. Мындан тышкары, Токтогул ГЭСин модернизациялоо, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын орнотуу жана Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Таласта 25 МВт кубаттуулуктагы Бала-Саруу ГЭСи ишке берилсе, Нарында Куланак ГЭСинин курулушу жүрүүдө. Жалал-Абад облусунда Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча иштер аткарылып, өлкөнүн башка аймактарында чакан ГЭСтерди куруу жана реконструкциялоо долбоорлору ишке ашырылууда

Мындан тышкары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында күн жана шамал электр станциялары ишке кирип, кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу кеңейүүдө.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: жаңы транспорттук багыт

Акыркы жылдардагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири — Кытай–Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу.

Кыргызстандын аймагындагы курулуш иштеринде туннелдер, көпүрөлөр жана башка инженердик объектилер курулууда. Долбоор өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана жаңы транспорттук коридор түзүүгө багытталган.

Темир жолдун курулушу бир нече аймакты камтып, алардагы жол, логистика, тейлөө жана өндүрүш инфраструктурасынын өнүгүшүнө жаңы шарт түзүшү мүмкүн. Бул жагынан алганда долбоорду бир гана транспорт тармагынын эмес, аймактык экономиканын келечегине байланыштуу ири долбоор катары кароого болот.

Түндүк менен түштүктү жакындаткан жол

Ушундай эле стратегиялык мааниге ээ долбоор — Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолу.

Жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн бул жол Балыкчыдан Жалал-Абадга чейинки транспорттук байланышты камсыз кылууга багытталган. Анын курамында көпүрөлөр, жол тилкелери жана Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3,8 чакырымдан ашкан туннель бар.

Долбоордун Казарман–Жалал-Абад багытындагы иштеринин улантылышы менен Нарын жана Жалал-Абад облустарынын ортосундагы транспорттук байланыштын жаңы мүмкүнчүлүктөрү түзүлүүдө.

Аэропорттор жаңыланууда

Кыргызстандын аймактык аэропорттору жаңыланып, ички каттамдар жанданды. Натыйжада жарандар өлкө ичинде аба каттамдары аркылуу аймактарга каттай баштады.

Баткен аэропорту реконструкцияланып, аэровокзалдын күтүү жана текшерүү залдары кеңейтилди. Жалал-Абад аэропортунда учуп-конуу тилкеси оңдолуп, жаңы эл аралык аэропорттун терминалын куруу иштери уланууда.

Ысык-Көлдө Каракол аэропортунун инфраструктурасы жаңыланып, учуп-конуу тилкесин узартуу жана жаңы аэровокзал куруу иштери жүрүүдө. Нарын, Талас, Казарман жана Кербен аэропортторунда да реконструкциялоо иштери аткарылууда.

Ош шаарындагы эл аралык аэропортто жаңы аэровокзал комплексин куруу башталып, терминалдын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана перронду кеңейтүү каралган.

Жол куруу — аймактардагы өзгөрүүнүн көрүнүктүү бөлүгү

Акыркы жылдары жол курууга жана оңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы 175 чакырым, 2022-жылы 488,4 чакырым, 2023-жылы 673,8 чакырым, 2024-жылы 802 чакырым, 2025-жылы 1545 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Жалпысынан беш жылда 3,6 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн.

Барскоон–Бедел, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка, Нарын–Баетов, Өзгөн–Мырзаке–Кара-Кулжа, Ош–Баткен–Раззаков, Түп–Кеген сыяктуу жолдор жаңыланды.

Мунун баары аймактардын бири-бири менен байланышын гана эмес, соода, туризм, айыл чарба жана өндүрүш объектилерине жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.

Эксперттин пикири

Экономист Эркин Абдразаков белгилегендей, акыркы жылдары өлкөдө ички дүң продукциянын өсүшү, бюджет тартыштыгынын жоюлушу жана өнөр жай тармагындагы өзгөрүүлөр менен катар ири курулуштарга басым жасалды.

Анын айтымында мурдагыдай бир эле тармакка көз карандуулук азайып, байлыктарыбыздын көбү өлкөнүн ичинде калууда. Акыркы жылдары социалдык объектилерди, ишканаларды жана башка инфраструктуралык объектилерди куруу күчөдү. Ошондой эле энергетика тармагында ГЭСтерди, чакан ГЭСтерди куруу менен катар күн жана шамал энергиясын пайдаланууга көңүл бурула баштады.

“Өлкөнүн өнүгүүсүнүн кан тамыры — курулуш деп айтсак болот. Азыр курулуш болуп көрбөгөндөй темпте жүрүп жатат. Ал эми жол курулушун өлкөнүн экономикалык артериясы десек болот. Мындан тышкары, логистикалык борборлор курулуп, жаңы инфраструктура түзүлүүдө”, — деди Абдразаков.

Ал пенсия жана эмгек акынын жогорулашынан тышкары, өлкөнүн эл аралык аренадагы ордуна жана саясий салмагына да көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Мурун Кыргызстан деген өлкө бар десең, кайда экенин билбегендер көп болчу. Азыр андай эмес. Кыргызстандын эл аралык аренадагы саясий салмагы өстү деп айтууга болот. Буга өлкөнүн эл аралык уюмдардагы ишмердиги да таасирин тийгизүүдө”, — деди экономист.

Мындан тышкары, Абдразаков санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү бюрократияны азайтып жатканын айтты.

“Мурда бир маалымкат алуунун убарасы көп болчу. Азыр көптөгөн кызматтар онлайн көрсөтүлүп, бул жарандардын убактысын үнөмдөп, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууда. Документтерди, паспортторду жана улуттук валютаны өлкө ичинде чыгаруу да мамлекеттин өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенин көрсөтөт”, — деди ал.

Эксперт аймактардын өнүгүүсүндө жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүү жана өзүн-өзү каржылоого өткөрүү маанилүү экенин белгиледи.

“Мурда жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, бир мектеп же бала бакча курулуп, бир-эки чакырым жол асфальтталса, аны чоң жетишкендик катары кабыл алчубуз. Азыр аймактарда социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу кеңири масштабда жүрүп жатат”, — деди Абдразаков.

Анын айтымында, эгемендүүлүк майрамын ар облуста өткөрүү дагы аларды өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө түзүүдө. Буга ал Талас жана Жала-Абад облустарын мисал катары келтирди.

“Таласта 100дөн ашык социалдык объект болуп көрбөгөндөй темп менен курулуп бүттү. Аймактын инфраструктурасы кыйла өзгөрдү. Жалал-Абад облусунун Манас шаары да бир топ өнүгүүгө жеткени маалым. Муну менен аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүлүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүдө. Облустар өзүн-өзү каржылоого өтүп, туруктуу өнүгүүгө шарт түзүлүп жатат”, — деди экономист.