Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын өлкөнүн мамлекеттик жана экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөөгө багытталган бир катар маанилүү кадамдар менен тосуп алды. Алардын бири — улуттук валютаны өлкө ичинде басып чыгаруунун башталышы.
Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Улуттук банк Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жолу 20 жана 50 сом номиналындагы банкнотторду чыгарды. Муну менен 30 жылдан ашуун убакыт бою чет өлкөлөрдө чыгарылып келген улуттук валютаны чыгаруу процессин өлкө ичинде камсыздоого алгачкы кадам жасалды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан сомду 1993-жылы жүгүртүүгө киргизгенден бери банкноттору өлкөнүн ичинде эмес, чет мамлекеттерде чыгарылып келген.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 20 жана 50 сомдук алгачкы банкноттордун Кыргызстанда чыгарылышы экономикалык өз алдынчалыкты жана мамлекеттик көз карандысыздыкты бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.

Улуттук валюта чыгаруу — технологиялык мүмкүнчүлүктүн көрсөткүчү
2025-жылдын март айында президент Садыр Жапаров "Учкун" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилген. Биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарылары, бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берери белгилеген.
"Учкундун” базасында чыгарылган жаңы кыргыз сому жасалма акча жасоодон корголгон эң алдыңкы дүйнөлүк стандарттарына жооп берип, улуттук валютанын ишенимдүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыз кылары Улуттук банктын өкүлү тарабынан белгиленген. Ошол эле учурда буга чейин кыргыз сому Европа өлкөлөрүндө чыгарылып келгени айтылган.

Андан соң президентке Кыргызстанда басылып чыккан улуттук валютанын алгачкы үлгүсү көрсөтүлгөн. "Учкундун" расмий маалыматына ылайык, улуттук валютаны басып чыгаруу боюнча мамлекеттик атайын долбоор 2025-жылы башталган. Бул долбоордун алкагында жаңы өндүрүштүк цех жабдылып, банкноттордун үлгүлөрү иштелип чыккан.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун пикиринде, банкнот жөн гана кагаз эмес, аны өндүрүү татаал технологияны жана жогорку деңгээлдеги коргоо системасын талап кылат.
“Мурда биз улуттук валютабызды башка өлкөлөрдө чыгарып келгенбиз. Анткени, акча жөн эле кагаз эмес, өзүнчө татаал технологияны талап кылган продукция. Шылуундар жана мыйзам бузган адамдар акчаны жасалмалоого аракет кылышы мүмкүн. Ошондуктан мамлекет жүгүртүүгө чыгара турган акча сөзсүз түрдө жасалмалоодон жогорку деңгээлде корголушу керек. Чет өлкөлөрдө мындай технологиялар бар, ал эми бизде тиешелүү мүмкүнчүлүк жок эле. Ошондуктан улуттук валютаны чет өлкөлөрдө, анын ичинде кымбат баага чыгарып келгенбиз”, - деди ал.

Эксперттин айтымында, жаңы жабдуулардын алынышы менен Кыргызстанда банкнотторду жана паспортторду чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.
“Эми жаңы жабдууларды алып келип, банкнотторду жана паспортторду өзүбүздө чыгара баштадык. Улуттук валютаны өлкө ичинде чыгара баштаганыбыз — мамлекеттин өнүгүп, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ой жүгүртүүлөр өзгөрүп жаткандыгынын белгиси. Буга чейин паспортторду да, акчаларды да ар кайсы өлкөлөрдөн чыгартып келгенбиз”, - деди Абдыров.
Өлкөдө өндүрүү көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт
Улуттук валютаны өлкө ичинде чыгаруунун дагы бир маанилүү жагы — акча өндүрүү процессин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши.
Абдыров белгилегендей, банкнотторду өлкөдө чыгаруу акча каражатын каалагандай көбөйтүүгө алып келбейт. Анткени, жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү Улуттук банктын акча саясатынын негизинде жөнгө салынат.
“Өзүбүздө акча чыгаруу менен бул процессти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү да кеңеет. Кээ бир адамдар: "Акчаны өзүбүз чыгарсак, каалагандай көп чыгарып коет" деп ойлошу мүмкүн. Бирок андай болбойт. Улуттук банкта акча жүгүртүү боюнча өзүнчө саясат бар. Экономикада канча электрондук жана канча накталай акча керектиги атайын эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. Акча белгиленгенден ашыкча эсепсиз чыгарылбайт”, - деди ал.
Демек, банкнотту өлкө ичинде басып чыгаруу менен анын көлөмү же жүгүртүүгө чыгарылышы автоматтык түрдө көбөйбөйт. Эксперттин баамында, банкнотторду өлкө ичинде чыгаруу мурдагы чыгымдарды да азайтууга шарт түзөт.

“Ошондуктан бул абдан маанилүү кадам. Улуттук валютаны өзүбүздө чыгара баштагандан кийин мамлекеттин чыгымдары да азаят деп айтууга болот. Анткени, буга чейин банкнотторду чет өлкөдө басып чыгаруу биз үчүн кымбатка турган. Эми акчаны өзүбүздө чыгаруу менен бул чыгымдар төмөндөйт”, - деди Абдыров.
Адистин пикиринде, мамлекет өзүнүн валютасын чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, акча-саясатын өз алдынча жүргүзсө, бул мамлекеттин өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.
“Жалпысынан алганда, мамлекет өзүнүн валютасын өзү чыгарып, акча саясатын өз алдынча жүргүзө алса, бул анын өнүккөн жана күчтүү мамлекет катары калыптанып жатканын көрсөтөт. Азырынча майда номиналдагы купюралар чыгарылып жатат. Кийинчерээк чоң номиналдагы банкноттор да өзүбүздө чыгарыла баштайт деп ойлойм”, - деди экономист.
Паспорттон банкнотко чейин: "Учкундун" өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү өсүүдө
"Учкун" үчүн улуттук валютаны басып чыгаруу жалгыз стратегиялык долбоор эмес. Буга чейин ишкана өлкөнү жарандык паспорт жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары менен камсыздап келген.

2024-жылдан тартып Кыргызстандын жарандарына жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор жана ID-карталар бериле баштаган. Алардын бланктары "Учкун" ААКта даярдалып, жаңы паспорттор электрондук чип, биометрикалык маалыматтар, санариптик кол тамга жана санариптик сүрөт сыяктуу заманбап элементтер менен жабдылган.
Белгилей кетсек, "Учкун" ААКта чыгарылып жаткан Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту Эл аралык паспорт индексинин жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Тагыраагы, өткөн жылга салыштырмалуу өлкө эки баскычка жогорулаган.
Бүгүнкү күндө ишканада жарандык паспорт, улуттук валютадан тышкары, автотранспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукциялары даярдалат.

Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттордун биринчи жолу өлкө ичинде басылып чыгышы — бир жолку өндүрүштүк жетишкендик эмес, технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган жаңы этап. Бул кадам мамлекеттин маанилүү өндүрүштөрдү өзүндө камсыздоо мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана тиешелүү адистик потенциалды калыптандырууга шарт түзөт.
Жыйынтыгында улуттук валютаны өлкө ичинде басып чыгаруунун башталышы Кыргызстанда технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейип, мамлекеттик маанидеги өндүрүштөрдү өз күчү менен камсыз кылуу деңгээлинин өсүп жатканын көрсөтөт. Бул кадам экономикалык өз алдынчалыкты бекемдөө менен катар, өлкөдө заманбап технологияларды өздөштүрүүгө, адистерди даярдоого жана ата мекендик өндүрүштүн жаңы багыттарын өнүктүрүүгө жол ачат.