Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, анда техникалык жөнгө салуу, сертификаттоо, аккредитациялоо жана шайкештикти баалоо багыттарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар Кыргызстандын жана Кытайдын техникалык жөнгө салуу жана аккредитациялоо системалары боюнча тажрыйба алмашты. Ошондой эле шайкештикти баалоо жаатындагы практикалык маселелерди талкуулады;
Мындан тышкары, кызматташуунун жаңы механизмдерин өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын долбоору каралды.