Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Борбордук Азия – Корея Республикасы" (C5+1) форматындагы өнөр жай министрлеринин 1-жыйынына катышты.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда өнөр жай жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн негизги багыттары талкууланды. Атап айтсак, өнөр жай кооперациясы жана өндүрүштү локалдаштыруу, минералдык чийки затты терең кайра иштетүү; индустриалдык парктарды жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү; транспорт жана логистика жана жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү.
Министр Кыргызстандын олуттуу өнөр жай, инвестициялык жана инфраструктуралык потенциалы, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында белгиленген артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жыйынтыгында Корея менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин ортосунда өнөр жай жана жеткирүү чынжырлары жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.