Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекунас менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары, анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору жаатындагы кызматташтык талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү максатында белгиленген багыттар боюнча ишти улантууга макулдашты.