Кыргызстан менен Түркмөнстан энергетика тармагында кызматташат

Экономика
Кыргызстан менен Түркмөнстан энергетика тармагында кызматташат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Ашхабад шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын 7-жыйыны өттү.

Отурум Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жана Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаровдун жетекчилиги алдында болду. 

Жыйындын соңунда Кыргызстандын “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому менен Түркмөнстандын Энергетика министрлигинин мамлекеттик “Түркмөнэнерго” электр энергетика корпорациясынын ортосунда келишимге кол коюлду.