Акча коротуубу же коргонуубу? Эл камсыздандыруунун пайдасын сезе баштады – маек

Маек Загрузка... 09 Июль 2026 16:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Акыркы жылдары жарандардын камсыздандырууга болгон мамилеси өзгөрүп, ага болгон ишеними өсүүдө. Буга элдин камсыздандыруунун артыкчылыктарын түшүнүп, кыйын кырдаалдарда анын чыныгы пайдасын көрө баштаганы себеп болууда. Бул тармактагы акыркы көрсөткүчтөр, калктын ага болгон көз карашы жана санариптештирүүнүн таасири тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланова айтып берди.

— Кыргызстанда акыркы жылдары жарандардын камсыздандырууга болгон мамилеси өзгөрдүбү? Эл арасында камсыздандыруу түшүнүгү канчалык жайылды?

— Акыркы жылдары камсыздандыруу боюнча маалымдуулук өстү десек болот. Мурда көпчүлүк жарандар аны кошумча чыгым катары кабыл алса, азыр күтүлбөгөн чыгымдардан коргоочу финансылык инструмент экенин түшүнө башташты.

Ал эми жайылышы боюнча айта турган болсок, түшүндүрүү жана маалымдоо иштеринин күчөшү алардын кызыгуусун арттырды. Ишеним да акырындык менен өсүүдө. Төлөмдөрдү өз убагында алган адамдардын саны көбөйгөн сайын, эл арасында камсыздандыруу чындап эле жардам берет турбайбы деген түшүнүк бекемделүүдө.

Ошол эле маалда санарип кызматтардын киргизилиши бул ишти дагы да жеңилдетти.

Жарандардын мамилесиндеги негизги өзгөрүү камсыздандырууну кырсык болгондон кийин эмес, тобокелчиликтин алдын алуу катары кабыл ала баштаганы. Ошентсе да, камсыздандыруу маданиятын мындан ары да өнүктүрүү зарыл деп эсептейм. Себеби, калктын бир бөлүгү бул кызматтын артыкчылыктарын толук биле элек.

Учурдагы жалпы көрсөткүчтөр тууралуу айта кетсеңиз. Өлкө боюнча канча адам турак жайын камсыздандырды жана ОСАГО полисин алды? Аларга канча кенемте төлөнүп берилди?

— Акыркы жылдары өлкөдөгү камсыздандыруу рыногу өсүүдө. Учурдагы маалыматтарга ылайык, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан ОСАГО боюнча 113 миң 865 полис таризделди. Ал эми турак жайды камсыздандыруу боюнча ушул эле аралыкта 164 миң 840 полис таризделди. Бул көрсөткүч дагы жарандардын камсыздандыруу маданияты акырындык менен өсүп жатканын айгинелейт.

Ошондой эле ОСАГО боюнча жыл башынан бери 1144 камсыздандыруу окуясы катталган, жарандарга 110 млн сомдон ашык кенемте төлөнүп берилди. Ал эми турак жай боюнча 150 камсыздандыруу окуясы катталып, 31 млн сомдон ашык каражаттар төлөндү.

— Төлөмдөр канча убакытта төлөнүп берилүүдө?

— Эгер камсыздандыруу окуясы боюнча керектүү документтер толук жана туура тапшырылса, арыз мыйзам тартибинде каралып, чечим кабыл алынгандан кийин эң көп дегенде 30 календардык күндүн ичинде төлөнүп берилет. Документтер толук болгондо айрым төлөмдөр мындан да эрте жүргүзүлгөн учурлар болот.

— Элдин камсыздандырууга болгон ишениминде кандай көйгөйлөр бар? Айрымдардын аны кошумча чыгым катары кабыл алганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Негизги көйгөй – эл арасында камсыздандыруу али кеңири жайыла элек. Көпчүлүк адамдар аны пайдасы жок кошумча чыгым деп ойлошот. Негизги максаты күтүлбөгөн кырдаал же кырсык болгондо чоң каржылык жардам экенин жакшы түшүнө беришпейт.

Ошондой эле айрым адамдардын төлөм алуудагы терс тажрыйбасы же туура эмес маалыматтар камсыздандырууга болгон ишенимге таасир этет. Бирок азыр камсыздандыруу компаниялары кардарлар менен ачык иш алып барып, төлөмдөрдү жеңилдетип жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу менен элдин ишенимин арттырып жатышат.

Санариптештирүү камсыздандыруу тармагына кандай таасир берди? Жарандар көбүнчө кеңселерге барып камсыздандырууну тандап жатышабы же аралыктан алуунубу?

— Санариптешүү камсыздандыруу тармагын кыйла өзгөрттү. Азыр көптөгөн кызматтарды онлайн алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Полисти электрондук түрдө сатып алуу, төлөм жүргүзүү, ал тургай, айрым учурларда камсыздандыруу окуясы боюнча кайрылуу дагы аралыктан ишке ашырылууда.

Жаш муун менен санариптик кызматтарды активдүү колдонгон кардарлар көбүнчө онлайн кызматтарды тандашат. Ал эми ири корпоративдик кардарлар же татаалырак кызматтар боюнча кайрылгандар адистер менен түз сүйлөшүп, кеңсеге барып кеңеш алууну туура көрүшөт.

Ошондуктан бүгүнкү күндө эң натыйжалуу модель эки форматты тең айкалыштыруу. Кардар кааласа онлайн кызмат алат, кааласа кеңсеге келип жеке консультация алат. Негизги максат — жарандар үчүн камсыздандыруу кызматтарын тез, жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу.