Мектептерде жаңы сабак: 8-класстын окуучулары кесип тандоону үйрөнүшөт

Билим Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-07-28 at 11.19.44 (1).jpeg

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. 2026–2027-окуу жылынан тартып 8-класстын окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү жаңы окуу программасы киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы программа жумасына 2 саат окутулуп, окуучулар ар түрдүү багыттар жана кесиптер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жалпысынан 14 профилге чейинки билим берүү программасы сунушталат.

Министрлик белгилегендей, бул сабактардын негизги максаты – окуучуларга жогорку класстарда кайсы багытта билим аларын аң-сезимдүү тандоого жардам берүү. Окуу кыска мөөнөттүү модулдар аркылуу жүргүзүлөт.

Программанын жыйынтыгында окуучулар кесипке багыт берүүчү тесттен өтүшөт. Анын жыйынтыгы алардын кызыгуусуна жана жөндөмүнө ылайык жогорку класстарда кайсы предметтерди тереңдетип окууну тандоого көмөк көрсөтөт.