Быйыл кайсы класстар 12 жылдык окууга өтөт?

Билим Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-07-28 at 10.49.35.jpeg
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Өлкөдө мектептер 12 жылдык окуу системасына акырындык менен өтүп жатат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, аталган билим берүү моделине 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары өтүп, жаңы окуу программалары жана жаңы окуу китептери менен билим алышат. Ошондой эле 8-класстарда келечектеги кесипти тандоого жардам берүүчү багыттагы сабактар жумасына 2 сааттан киргизилет.

Ал эми 11 жылдык система боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстар мурдагыдай эле 11 жылдык мектеп үчүн даярдалган программалар жана окуу материалдары менен окушат.