12 жылдык билим берүү: Кыргызстанда окутуунун биринчи жылы кандай өттү?

Билим Загрузка... 07 Июль 2026 18:30
1.webp
copyright icon WWW

Кыргызстанда жаңы 12 жылдык билим берүү система боюнча биринчи окуу жылы аяктады. Алты жаштагы биринчи класстын окуучулары жана жаңы стандарттар – реформа кандай өттү, мугалимдер менен окуучулар кандай кыйынчылыктарга туш болушту жана кандай жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болду? Бул тууралуу "Кабар" агенттиги өзүнүн материалында айтып берет.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигине берген маегинде коомдогу менталдык каршылыктардан улам 12 жылдык окууга өтүү эбегейсиз аракеттерди талап кылып жатканын билдирди. Кыргызстан президенттин саясий эркинин аркасында педагогдорду окутуудан баштап жаңы окуу китептерин басып чыгарууга чейинки системаны модернизациялоодо чоң секирик жасап, коңшу өлкөлөргө үлгү болгонун белгиледи.

WhatsApp_Image_2026_b7MMamK.2e16d0ba.format-we.width-800
"Бул багыттын алкагында бюджеттик гана эмес, мазмундук программалар да бекитилип, алар боюнча учурда жигердүү иштер жүрүп жатат. 12 жылдык окууга өтүү эбегейсиз көп күч-аракетти талап кылат. Биз адамдардын ишенбөөчүлүгүнө туш болдук. Жылдап тамыр жайып калган адаттарды жана стереотиптерди бир заматта өзгөртүү – оңой иш эмес. Биз олуттуу менталдык каршылыкка туш болдук. Бирок, буга карабастан, эбегейсиз зор иштер аткарылды: каржылоо маселелери чечилип, мугалимдерди кайра даярдоо иши башталды, жаңы муундун окуу китептери басылып чыгууда. Биз алдыга ишенимдүү кадам таштап жатабыз. Бир дагы өлкө мынчалык масштабдуу реформаларды мындай тездик жана чечкиндүүлүк менен ишке ашырган эмес. Мунун баары мамлекет башчысынын бекем эркинин аркасында мүмкүн болду. Ал тургай Өзбекстан менен Тажикстан да бүгүнкү күндө биздин тажрыйбаны үйрөнүүгө даяр", – деди ал.

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков 12 жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу пикирин билдирип, эң башкысы – процесс башталганын айтты. Реформанын биринчи этабы ишке кирип, окутуунун жаңы түзүмүнө кийинки өтүү этаптарына даярдыктар башталды.

e3533e5c-121b-4bbd-9b0e-c8f432f12ff6.width-800
"Албетте, биринчи жылы ата-энелер жана коомчулук тарабынан нааразычылыктар көп болду, мугалимдердин арасында да каршы чыккандар кездешти. Бирок коомчулук биз дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу жолунда баратканыбызды түшүнө баштады, анткени көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө 12 жылдык билим берүү системасы иштейт. Эң негизгиси, бул процесс эбак эле башталды", – деди он.

Эксперт окутууга болгон мамиле өзгөрүп жатканын баса белгиледи. Эгерде мурда, советтик системадан бери мугалимдер негизинен материалды жаттатууга басым жасап келишсе, азыр жаңы ыкма киргизилүүдө. Анын айтымында, мугалим багыттоочу болушу керек, ал эми башкы ролду окуучулардын активдүүлүгү ээлейт. Окуучулардын билим берүү процессинин жигердүү катышуучусу болушу абдан маанилүү.

Мындан сырткары, көптөгөн педагогдор окутуунун жаңы методикалары боюнча ар кандай курстардан өтүп жатышат.

"Жалпысынан алганда, республика боюнча мектептер окуу процессин уюштура алышты жана билим берүү системасы бул өтүүгө туруштук бере алды деп айтууга болот. Албетте, бул жерде көптөгөн факторлор, анын ичинде адамдык фактор да роль ойноду. Мунун баары мугалимдердин, ата-энелердин даярдыгынан, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен мекемелер тарабынан өз убагында жардам көрсөтүлгөндөн көз каранды болду", – деп белгиледи Асылбек Жоодонбеков.

Анын айтымында, көптөгөн мугалимдер жаңы ыкмаларды акырындык менен өздөштүрүштү. Албетте, бардык мектептерде иш бирдей деңгээлде өттү деп айтууга болбойт, көп нерсе билим берүү мекемесинен жана адистерден көз каранды.

"Көптөгөн педагогдор өзгөрүүлөргө даяр жана жаңы билимдерди алып жатышат, бирок айрымдарына дагы деле практикалык тажрыйба жетишпей жатат. Маселен, математика боюнча мурда жумуштун 80%га жакынын мугалим аткарса, азыр негизги ишти окуучулар аткарышы керек, ал эми мугалим багыттоочу катары иш алып барат. Кээ бир педагогдор башка система менен иштеп көнүп калгандыктан, бул алар үчүн оңойго турган жок", – деп баса белгиледи ал.
1480402.7b78c69b9f7c9c6f373e9afa2c4efcb0.width-800

Асылбек Жоодонбеков эң көп кездешкен кыйынчылыктардын бири окуу китептери болгонун айтты.

"Алардын көбү ушул күнгө чейин басылып, жеткирилип жатат, кээ бирлери дагы деле басып чыгаруу процессинде. Дал ушул окуу китептеринин жана методикалык материалдардын кечигиши биринчи жылдын башкы көйгөйлөрүнүн бири болду", – деди эксперт.

Анын айтымында, мектептер үчүн көнүшүү (адаптация) мезгили өзгөчө окуу жылынын алгачкы айларына туш келди. Жаңы системага өтүүдөн улам ата-энелер тынчсызданышкан, бирок бара-бара бардыгы көнө башташты.

Асылбек Жоодонбеков дагы бир стресстик фактор балдардын көнүшүүсү болгонун кошумчалады.

"Эгер мурда биринчи класска негизинен жети жашар балдар келишсе, азыр – алты жаштагылар келип жатат. Алар үчүн бул олуттуу сыноого айланды, ошондуктан балдарга өзгөчө үй-бүлөсүнүн, ата-энелеринин жана мугалимдеринин колдоосу керек болду. Баары эле ойдогудай өттү деп айтууга болбойт – кыйынчылыктар болгонун моюнга алышыбыз керек. Бирок мугалимдер менен ата-энелер өзгөрүүлөргө компетенттүү жана кайдыгер эмес мамиле кылган жерлерде адаптация бир топ жеңил өттү", – деп түшүндүрдү ал.

2022-04-07_11-31-44_122230_HlcPndY.width-800

Мындан тышкары, эксперт мектептерге күч келгенин, жаңы класстар кошулгандыктан, айрым билим берүү уюмдарына ишти уюштуруу оңойго турбаганын белгиледи.

Анын айтымында, ата-энелерге да жаңы системага көнүүгө туура келди. Эгер мурда окутуу көбүнчө билимди өздөштүрүүгө багытталса, азыр басым көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жасалууда. Ошондуктан көптөгөн ата-энелерге жаңы ыкмага көнүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынды.

"Айрым ата-энелерде маалымат да жетишсиз болгондуктан, алар реформанын маңызын толук түшүнбөй, билимдин сапатынан кам санашты. Андан сырткары, окуу китептеринин оордугуна байланыштуу даттануулар түштү, ата-энелердин пикиринде, китептерди көтөрүп жүрүү оор болуп, балдардын өсүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн", – деп түшүндүрдү Жоодонбеков.

№37 мектептин башталгыч класстарынын мугалими Диля Мавлянова "Кабар" агенттигине билдиргендей, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында жаңы билим берүү стандарттары боюнча иштеген алгачкы жыл оңой болгон жок. Анын айтымында, башкы өзгөчөлүк – балдардын биринчи класска бала бакчанын даярдоо тобунан өтпөй түз эле келгенинде болду.

c644aa04-d6ec-4d7c-aa0b-cc0d9956ee6d.width-800
"Мурда биринчи класстын окуучуларынын көбү мектепке чейинки даярдыктан өтүшчү, ал эми азыр алар түз эле улуу топтон келишти", – деп баса белгиледи мугалим.

Ал белгилегендей, санаганды билген, алфавитти тааныган жана атүгүл муунга бөлүп бир аз окуй алган балдар болду, бирок алар азчылыкты түздү.

"Мисалы, менин классымдагы 35 окуучунун ичинен экөө гана бир аз окуй алчу. Калгандары окуганды да, жазганды да билишчү эмес, кээ бирлери атүгүл тамгаларды таанычу эмес. Ошондуктан биз окутууну түз эле эң баштан баштоого туура келди: балдарды тамгалар, цифралар менен тааныштырып, окууга жана жазууга үйрөттүк. Иш жүзүндө ар бир балага жекече мамиле талап кылынды", – деп түшүндүрдү Мавлянова.

Анын айтымында, бул жыл мугалимдер үчүн гана эмес, балдар жана алардын ата-энелери үчүн да оор болду.

"Көнүшүү мезгили кыйла узакка созулду: балдар мектеп системасына, тактап айтканда, сабактарга, үй тапшырмаларына, белгилүү бир күн тартибине көнүштү. Эми аларда бала бакчадагыдай күндүзү уктап эс алууга мүмкүнчүлүк жок болчу", – деди ал.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан, ал окуу жылынын аягында жакшы жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болгонун баса белгиледи. Окуучулардын көбү программаны ийгиликтүү өздөштүрүштү: окуганды, жазганды, 100гө чейин санаганды, ошондой эле 100дүн тегерегинде кошууну жана кемитүүнү үйрөнүштү.

Маанилүү жана пайдалуу өзгөрүүлөр тууралуу айтып жатып, педагог биринчи класста баа койбоо тутумун өзгөчө белгиледи.

"Мындай ыкма бала үчүн кыйла ыңгайлуу жана ашыкча стресстен качууга жардам берет. Көнүмүш баалардын ордуна мугалим окуучуну мактап, анын ийгиликтерин белгилеп же, тескерисинче, дагы эмненин үстүндө иштеш керектигин түшүндүрүп бере алат. Бул мектеп жолунун башында турган балдарды колдоонун кыйла аярлуу жана натыйжалуу жолу болуп саналат", – деди ал.

Анын айтымында, дагы бир маанилүү жаңылык – "Мекен таануу" предмети боюнча сааттардын көбөйүшү болду. Эми ал дээрлик күн сайын өткөрүлөт, бул балдарга курчап турган дүйнөнү таанып-билүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет.

4-pos-rf-v-kr_f89.width-800
"Бул сабактарда окуучулар Кыргызстандын жаратылышы, анын тоолору, көлдөрү, шаарлары, тарыхы жана белгилүү инсандары менен гана таанышпастан, өздөрүн чындап кызыктырган суроолорго жооп алышат. Мисалы, эмне үчүн айнек тунук, асман көк, ал эми канаттуулар учат деген сыяктуу. Мындай сабактар билүүгө кумарланууну өнүктүрөт, дүйнө таанымын кеңейтет жана окууга болгон кызыгууну калыптандырат. Мен биринчи кезекте бала курчап турган дүйнө менен таанышып, аны түшүнүүгө жана суроо берүүгө үйрөнүшү керек, андан кийин гана татаалырак предметтерге жана билимдерге өтүшү зарыл деп эсептейм", – деп жыйынтыктады педагог.

Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүүнү киргизүүнүн биринчи жылы көрсөткөндөй, окутуунун жаңы системасына өтүү убакытты, ырааттуу ишти жана билим берүү процессинин бардык тараптарынын катышуусун талап кылат. Алты жаштагы биринчи класс окуучуларынын адаптациясы, педагогдорду кайра даярдоо жана мектептерди окуу-методикалык маалымдамалар менен камсыз кылуудагы кыйынчылыктарга карабастан, мугалимдер окуу процессин уюштура алышты, ал эми окуучулардын басымдуу бөлүгү биринчи класстын программасын ийгиликтүү өздөштүрүп чыгышты.