Жыл башынан бери көл жана суу сактагычтардан 46 миң метр тор чыгарылды

Коом 12 май 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.28 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.28 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-05-12 at 06.24.27.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын суу сактагычтарында жана көлдөрүндө экологиялык кылмыштарга каршы рейддер уланууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-майдан 10-майга чейин республика боюнча 125 рейддик иш-чара өткөрүлүп, экологиялык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

10 күндүн ичинде Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнөн, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан жалпысынан 9 миң метрге жакын мыйзамсыз тор жана 300 кг таштанды чыгарылды.

"Ал эми жыл башынан бери инспекторлор тарабынан жалпы 46 300 метр эски синтетикалык тор жана 1 060 кг таштанды суу түбүнөн тазаланды. Мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштүн алкагында жалпы 416 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул иш-чаралар президенттин балык уулоого жана синтетикалык торлорду колдонууга тыюу салган жарлыктарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.