Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кургак аба ырайында өчүрүлбөгөн тамекинин калдыгын кургак чөпкө, жерге же унаанын терезесинен сыртка ыргытпоого чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, кургак чөптөн чыккан өрт кыска убакытта кеңири аймакка жайылып, токойлорго, чарбалык курулуштарга жана турак үйлөргө өтүшү мүмкүн. Бул жаратылышка зыян келтирип, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратышы ыктымал.
ӨКМ жарандарды өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат. Өрт чыкканын байкаган учурда 112 же 101 номерлерине дароо кабарлоо керек.