Бишкек, 05.11.26 /Кабар/. Аламүдүн районунун Чуңкурчак айылындагы "Супара" этнокомплексинде чыккан өрттөн үч адам медициналык жардамга кайрылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар Тез жардам ооруканасына көмүртек кычкыл газына уулануу диагнозу менен жеткирилген. Алардын экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылган. Абалы канааттандырарлык.
Эске салсак, өрт 4-ноябрда кечинде чыккан. Бүгүн, 5-ноябрда саат 15:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.