Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарды тиричиликте газ баллондорун колдонууда өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Министрликтен билдиришкендей, турмуш-тиричиликте газ баллондорунан улам өрт кырсыктары катталып келет. Мындай окуялардын алдын алуу үчүн газ жабдууларын талапка ылайык колдонуу зарыл.
Ошондой эле жарандар өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн коргоодо маанилүү экенин унутпашы керек.