Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Бишкектин Киев көчөсүндөгү өрт чыккан курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 14-ноябрда адистер аталган даректеги объектке комиссиялык текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүдө объекттин техникалык абалы жана курулуш иштеринин талаптарга шайкештиги каралып, курулуш ченемдери менен эрежелеринин бузулушу аныкталды.
Анын жыйынтыгында "Береке Билдинг" ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча талаптар коюлду. Ошондой эле тиешелүү корутунду чыкканга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Эске салсак, Киев көчөсүндөгү объектте өрт 13-ноябрда саат 18:40 чамасында чыгып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аны саат 19:37де толугу менен өчүрүшкөн. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.