Бишкек, 15.11.26 /Кабар/. Ош шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн 2013, 2016 жана 2018-жылы туулган үч бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 15-ноябрда саат 04:42де Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 үйдөн чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 05:20да чектөөгө алынган. Өрт саат 07:57де толук өчүрүлгөн. Анын аянты болжол менен 120 чарчы метрди түзгөн.
Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган эркек киши денесинин 60 пайыздай бөлүгүн күйгүзүп алып, ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт ашканадагы электр зымдарынын кыска туташуусунан же электр жылыткычтан чыгышы мүмкүн. Учурда кырсыктын себеби такталууда.