Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Электро чокусунун аймагынан 2011-жылы туулган жарандын сөөгүн табышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, сөөк таштардын арасынан табылган. Божомолдорго ылайык, өлүмгө баланын катуу үшүгөнү себеп болгон.
Эске салсак, 2011-жылы туулган өспүрүм 7-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратып, агасына "Ала-Арча" жаратылыш паркына чуркаганы баратканын айткан. 2GIS тиркемесинин геолокация маалыматына ылайык, анын акыркы жайгашкан жери "Электро" чокусунун аймагында катталган.