Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Ош шаарынын Ынтымак конушунда 11 турак үйдүн короосун суу каптап, куткаруучулар жеринде иш алып барууда.
ӨКМдин шаардык башкармалыгынынан билдиришкендей, "Алаберди" заводунун аймагындагы суу топтолуучу көлмөнүн тосмосунун түбүнөн суу чыгып, Ынтымак жана Адаев көчөлөрүндөгү үйлөрдүн короолоруна кирген. Анын кесепетинен үч үйдүн жер төлөсүн жана ажатканасын суу каптаган.
"Учурда сууну сордуруп чыгаруу жана анын жайылышына жол бербөө үчүн 21 куткаруучу, мотопомпалар жана атайын техникалар тартылды", - деп айтылат маалыматта.