Тоого чыгууда эмнелерди эске алуу керек? Куткаруучулардын кеңеши

Коом
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Тоого чыгууда кийимди туура тандоо менен катар коопсуздук эрежелерин сактоо да маанилүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анткени тоодо аба ырайы күтүүсүз өзгөрүп, жолдор тайгак жана кооптуу болушу мүмкүн.

"Тоого барарда аба ырайын алдын ала текшерип, жалгыз чыкпоо жана куткаруу шаймандарын ала жүрүү зарыл. Бул жөнөкөй эрежелер тоодо күтүлбөгөн кырдаалдардын алдын алууга жардам берет", - дешти куткаруучулар.