Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Ош–Араван унаа жолунда жол кырсыгына кабылган жаранга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары биринчи жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары машыгуудан кайтып келе жаткан учурда аталган жолдун 15-чакырымында кырсыкка кабылган жаранга туш болушкан.
Куткаруучулар ыкчам аракет көрүп, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.