Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын өрт же башка кырсык болгон учурда эвакуациялык чыгуу жолдорун алдын ала билип алууга чакырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, өрт чыккан учурда лифтти колдонбой, тепкич аркылуу чыгуу керек. Имаратты түтүн каптаган болсо, эңкейип же мүмкүн болушунча жерге жакын абалда кыймылдоо зарыл.
Ошондой эле балдарды, улгайган адамдарды жана жардамга муктаж жарандарды биринчи кезекте коопсуз жерге чыгаруу керек.
Өрт чыккан учурда 112 номерине чалып, окуя болгон даректи так билдирүү зарыл.
ӨКМ эвакуация жолдорун кырсык учурунда эмес, алдын ала билип алуу маанилүү экенин эскертет.