Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Баткенде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйын 30-октябрда Кызыл-Кыя шаарында үч баланын энесинин өлүмүнө байланыштуу өткөрүлдү.
Анда аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, зомбулуктан жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүү жана мындай окуялардын алдын алуу маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк чыр-чатактарга өз убагында көңүл буруу, зомбулук белгилери байкалганда ыкчам чара көрүү жана тобокелдик тобундагы үй-бүлөлөр менен иш алып баруу тапшырылды. Ошондой эле жабырлануучуларга психологиялык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.
Эске салсак, 30-октябрда Кызыл-Кыя шаарында үч баланын энеси киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмышка шектелип маркумдун жолдошу кармалган. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголгон.