Бишкекте Борбор Азиядагы коопсуздукту чыңдоо жолдору талкууланды

Коом 14 октябрь 2026 15:15
Бишкекте Борбор Азиядагы коопсуздукту чыңдоо жолдору талкууланды
copyright icon УКМК

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкекте Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, ошондой эле киберкоопсуздук маселелери талкууланды. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинде өткөн "Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук: заманбап чакырыктар жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү механизмдери" аттуу тегерек столдо сөз болду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Талкууда радикалдык идеологиялардын жайылышы, жасалма интеллектти, заманбап маалыматтык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга байланышкан коркунучтар каралды.

Катышуучулар заманбап коркунучтардын алдын алуу жана аймактагы коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти.