"Бишкек Аренанын" ачылышы: Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына 100 билет берилди

Коом 28 сентябрь 2026 14:00
"Бишкек Аренанын" ачылышы: Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына 100 билет берилди
copyright icon WWW

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Президенттин Иш башкармалыгы 5-октябрда өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун салтанаттуу ачылыш аземине жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө 100 VIP-билет бөлүп берди. Бул тууралуу "Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.

Анын айтымында, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн бул иш-чара чоң жана эсте каларлык майрам болот.

Президенттин Иш башкармалыгы маалыматты тастыктап, билеттер мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан берилерин белгиледи.

Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдар үчүн 106 жана 108-секторлор бөлүнгөн. Ал эми 138, 139 жана 140-секторлордон орундар белгилүү спортчулар үчүн каралган. Аталган секторлордо калган бош орундар стадиондун расмий баракчасы аркылуу калк арасында ойнотулат.