Жүргүнчүлөрдү ташууда милдеттүү камсыздандыруу бул айдоочулар менен транспорт компанияларынын жүргүнчүлөргө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилигин камсыз кылган система. Ал жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө багытталган. Камсыздандыруунун бул түрү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, төлөмдөр жана көрсөткүчтөр тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директорунун орун басары Гүлзина Батирханова “Кабар” агенттигине берген маегинде айтып берет.
— Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу деген эмне? Ал кайсы транспорт каражаттарына тиешелүү?
— Камсыздандыруунун бул түрү жүргүнчүлөрдү ташыган компания же айдоочу өз күнөөсү менен жүргүнчүлөргө келтирген зыян үчүн жоопкерчилигин камсыздандыруу болуп саналат. Камсыздандыруунун объектиси катары ташуу процессинде жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө (жүгүнө) келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети менен байланышкан ташуучунун мүлктүк кызыкчылыктары эсептелет.
Бул талап унаа, аба, темир жол жана суу транспорт каражаттарына тиешелүү.

— Кенемтенин өлчөмдөрү кандай? Канча убакытта төлөнөт?
— Милдеттүү камсыздандырууда келишим боюнча камсыздандыруучу төлөшү керек болгон акча каражаты камсыздандыруу суммасы деп аталат. Бир келишимдин алкагында болгон бардык кырдаалдар боюнча төлөмдөр ушул сумма менен чектелет.
Келишим боюнча жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жана жүргүнчүлөрдүн мүлкүнө (багажына) келтирилген зыян үчүн каражаттар төлөнөт.
Андан сырткары, камсыздандыруу сыйлыгы каралган. Ал келишимде көрсөтүлгөн акы болуп саналат. Ал төлөнгөн учурдан тартып келишим күчүнө кирет. Суммалар жана лимиттер министрлер кабинети бекиткен тарифтерге ылайык аныкталат.
Ошондой эле бардык керектүү документтер тапшырылгандан кийин камсыздандыруу компаниясы 30 жумушчу күндүн ичинде кенемте төлөп берүүгө милдеттүү.
— Ал эми полисти алуу үчүн кандай документтер керектелет? Сый акынын баасы канча болот?
— Аны алуу үчүн жарандын паспорту жана унаанын техникалык паспорту жетиштүү. Унаадагы орундуктарга жараша бир орун үчүн жылдык камсыздандыруу сый акы 133,92 сомду түзөт.

— Өлкө боюнча бул камсыздандыруунун көрсөткүчтөрү кандай?
— 2026-жылдын 1-январынан 6-апрелине чейин 2 299 камсыздандыруу келишими түзүлгөн. Жалпы камсыздандырууга 10 млрд 46 млн 937 миң сом мерчемделип, камсыздандыруу сыйлыгы 4 млн 738 миң сом деп белгилеген.
Бул көрсөткүчтөр рынокто белгилүү деңгээлде активдүүлүк бар экенин көрсөтөт. Жыл башынан бери 2 миңден ашуун келишим түзүлгөн. Ошол эле учурда сыйлык көлөмүнүн салыштырмалуу төмөн болушу бул сегмент дагы өсүү стадиясында экенин билдирет.
— 2026-жылдын биринчи айларында бул багытта канча каражат төлөнүп берилди?
— 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 10 адам жабыркап, аларга 229 миң 712 сом төлөнүп берилди.