Жолго чыкпай, иш бөлмөдө отурган. Сосновка постунун инспекторлору сынга кабылды

Коом 10 декабрь 2025 11:57
WhatsApp_Image_WtVOtJp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_xUkInjA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_yeKCtde.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_WtVOtJp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_xUkInjA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_yeKCtde.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүн таңкы саат 05:00дөн баштап Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек - Ош унаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн, Жайыл районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүн күтүүсүз текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, жетекчи жолго чыкпай, иш бөлмөдө отурган кызматкерлерди катуу сындап, кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, аралыкты сактап, белгиленген ылдамдыктан ашпоону, коопсуздук курун тагынууну эскертти.

Жол тескөөчүлөрүнө мамлекеттик номери көрүнбөй калган унаалар "Коопсуз өлкөнүн" видеокамераларына түшпөй кала турганын айтып, номерин тазалатууну тапшырды.

Мындан тышкары, айдоочулар менен маектешип, алдын алуу иштерин күчөтүүнү белгиледи.