Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан жолдорду кыдырып, иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Мэриядан кабарлашкандай, шаар башчысы төмөнкү көчөлөрдөгү иштердин сапатын жана аткаруу темпин текшерди:
- Миңжылкыев көчөсү – жалпы узундугу 1,35 чакырым. Долбоорго ылайык, учурдагы трасса боюнча жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 8 метр болгон жаңы жол курулууда;
- Муромская көчөсү (Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин) – 3 чакырым, реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Биринчи катмар асфальт төшөө чечими кабыл алынды. Экинчи катмар кудуктардын деңгээлин көтөрүү жана башка кошумча иштер аяктагандан кийин төшөлөт;
- Санжыра көчөсү (Жайыл баатыр көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин) – 1,5 чакырым, капиталдык оңдоо;
- Ала-Арча көчөсү (Жайыл баатыр көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин) – 1,1 чакырым, капиталдык оңдоо;
- Проектируемая көчөсү (Ала-Арча көчөсүнөн Улар көчөсүнө чейин) – 820 метр, капиталдык оңдоо;
- Жайыл баатыр көчөсү (Ала-Арча көчөсүнөн Санжыра көчөсүнө чейин) – 530 метр, капиталдык оңдоо;
- Безымянная көчөсү (А. Токомбаев проспектисинен (Жайыл баатыр) Зверохозяйство көчөсүнө чейин) – 810 метр, капиталдык оңдоо;
- Семетей көчөсү (Ч. Айтматов проспектинен Садырбаев көчөсүнө чейин) – 1,2 чакырым, капиталдык оңдоо;
- Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү (Садырбаев көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектине чейин) – 1,2 чакырым, капиталдык оңдоо;
- Мамбет Иманалиев көчөсү (Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин) – 5 чакырым, суу түтүк тармактарын куруу менен бирге реконструкциялоо;
- Эркин көчөсү (Хмельницкий көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин) – 640 метр, капиталдык оңдоо;
- Элебесов көчөсү (Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейин) – 1,4 чакырым, капиталдык оңдоо.
Жыйынтыгында шаар мэри райондук администрациялардын башчыларына жол куруу иштерин туруктуу көзөмөлдөп, бардык объектилер белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.
Ошондой Айбек Жунушалиев иштер жай жүрүп жаткан тилкелерде подряддык уюмдарды алмаштыруу боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары, курулуш иштерине тоскоолдук жараткан инженердик коммуникациялар жана башка объектилерге байланышкан маселелерди ыкчам чечүү тиешелүү кызматтарга жүктөлдү.