Бишкекте мыйзамсыз курулуштар демонтаждалууда

Коом 28 сентябрь 2026 12:30
825268284_1575790800307893_3755954089881529171_n.jpg
825278849_2102789883684918_8237954941735694695_n.jpg
827377571_1072206658998671_4950804761447564327_n.jpg
828598019_1797600944845426_1301027017927742698_n.jpg
829196725_1379222314281421_1414799144333538323_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын төрт районунда жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддердин жүрүшүндө жер жана курулуш мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузган учурдагы жоопкерчилик тууралуу маалымат берилүүдө.

Биринчи май районунда 2024-жылдан бери №205, №207 жана №208 муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймактарында мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтпөй калган курулуш объекти демонтаждалган. 2026-жылы «Теңдик» конушунда мыйзамсыз пайдубал куюунун үч фактысы аныкталып, материалдар райондук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Октябрь районунда уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объекттер аныкталган. Мыйзамсыз курулуштарды жана жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактыларын аныктоо боюнча рейддер улантылууда.