Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Бишкекте 2026-жылдын алты айында мыйзамсыз пайдаланылып жаткан муниципалдык жерлерди бошотуу максатында 6 миң 163 объект демонтаждалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Султанбек Сатарбеков жергиликтүү радиого билдирди.
Анын айтымында, демонтаждалган объектилердин 2 миң 947си жеңил типтеги, 561и капиталдык курулуштар жана 2 миң 655и жарнамалык конструкциялар болгон. Жалпы 196 миң 742 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.
“Белгилей кетсек, демонтаждалган объектилердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга көп болгон. Мындан тышкары, административдик укук бузуулар боюнча 1 миң 498 протокол түзүлүп, алардын жалпы суммасы 53 млн сомдон ашты. Башкармалык отчеттук мезгилде 263 соттук ишке катышкан”,- деди ал.
Белгиленгендей, Бишкектеги көрнөк-жарнактар жана жарнамалык конструкциялар шаардын көрүнүшүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда мыйзам талаптарына жооп бербеген жана башаламан жайгаштырылган жарнамалар борбор калаанын архитектуралык келбетине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.