Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Бишкекте 19-23-октябрь күндөрү 77 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 7 миң 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 44ү жеңил типтеги объект, 33ү капиталдык курулуш болгон. Демонтаж иштери мажбурлоо тартибинде жана ыктыярдуу негизде жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жер мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча жалпы суммасы 1 млн 992 миң сомду түзгөн 52 протокол түзүлдү. Алар муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп алуу жана жер тилкесинин аянтын мыйзамсыз кеңейтүү учурларын камтыйт.
Мэрия шаар тургундарын жана ишкерлерди жер мыйзамдарын сактоого чакырып, уруксат берүүчү документтерсиз курулуш жүргүзүүгө жана жер тилкелеринин чектерин өз алдынча кеңейтүүгө жол берилбей турганын эскертти.