Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Каракол шаардык мэриясынын алдында жаштардын демилгелерин колдоого багытталган Жаштар борбору ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордо музыка жана бий менен алектенүүгө, аудио-видео контент даярдоого, ошондой эле жаштардын коомдук долбоорлорун иштеп чыгып, ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр каралган.
Жаштар борбору Каракол шаардык мэриясы тарабынан БУУнун Өнүктүрүү программасы менен өнөктөштүктө, Россиянын каржылык колдоосу менен түзүлгөн.
Жаңы борбор жаштардын демилгелерин колдогон жана алардын жаңы идеяларын ишке ашырууга көмөктөшкөн аянтча катары иш алып барат.