Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Ош шаарында жана чектеш аймактарда жаратылыш газы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Ошгаз” филиалынын маалыматына ылайык, Өзбекстандын аймагындагы магистралдык газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 16-октябрында саат 10:00дөн тартып 17-октябрда саат 08:00гө чейин Ош шаарында жана ага чектеш райондордун калктуу конуштарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
"Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Тургундардан коопсуздук эрежелерин сактоону жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз",-деп айтылат маалыматта.