Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Кечээ, 27-сентябрда Бишкекке жакын жерде эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күчү 3 баллдын тегерегинде болгон жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 45 чакырым түштүктө жайгашкан.
Экинчи зилзала да кайра эле ошол аймакта кайталанган. Анда жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.
Калк жашаган аймактарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.